Загрузка документа…
2025-жылдын 15-декабры №4/4
Кара-Суу айыл аймагынын Кызыл-Дөбө айылындагы Кызыл-Дөбө орто мектебине материалдарды алуу боюнча долбоорго акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагынын Кызыл-Дөбө айылындагы Кызыл-Дөбө орто мектебине материалдарды алуубоюнча“Кочкор райондук” өнүктүрүү фондуна долбоор өткөрүүдө, өздүк салым үчүн акча каражатын бөлүп берүү боюнча, Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Карбозовдун сунушун угуп жана талкуулап, Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Суу айыл аймагынын Кызыл-Дөбө айылындагы Кызыл-Дөбө орто мектебине материалдарды алуу боюнча“Кочкор райондук” өнүктүрүү фондуна долбоор өткөрүүдө, өздүк салым үчүн төлөнө турган 100 000 ( жүз миң) сом акча каражаты Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башкы эсепчисине тапшырылсын.
3. Бул токтомду жетекчиликке алып аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Карбозовго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Молдогазиев |