Загрузка документа…
2025-жылдын 15-декабры №4/5
Кара-Суу айыл аймагынын Орток айылындагы “Орток Шамы” бала бакчасынын ички оңдоо иштери боюнча долбоорго акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагынын Орток айылындагы “Орток Шамы” бала бакчасынын ички оңдоо иштерибоюнча“Кочкор райондук” өнүктүрүү фондуна долбоор өткөрүүдө, өздүк салым үчүн акча каражатын бөлүп берүү боюнча, Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Карбозовдун сунушун угуп жана талкуулап, Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Суу айыл аймагынын Орток айылындагы “Орток Шамы” бала бакчасынын ички оңдоо иштери боюнча“Кочкор райондук” өнүктүрүү фондуна долбоор өткөрүүдө, өздүк салым үчүн төлөнө турган 81 000 (сексен бир миң) сом акча каражаты Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башкы эсепчисине тапшырылсын.
3. Бул токтомду жетекчиликке алып аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Карбозовго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Молдогазиев |