Загрузка документа…
2025-жылдын 15-декабры №4/6
Кара-Суу айыл аймагынында тазалыкты сактоо жана инфраструктураны жакшыртуу максатында атайын техникаларды алуу боюнча долбоорго акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагынында тазалыкты сактоо жана инфраструктураны жакшыртуу максатында атайын техника (таштанды чыгаруучу унаа) алуу боюнча“Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондуна долбоор өткөрүүдө, өздүк салым үчүн акча каражатын бөлүп берүү боюнча, Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Карбозовдун сунушун угуп жана талкуулап, Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Суу айыл аймагынында тазалыкты сактоо жана инфраструктураны
жакшыртуу максатында атайын техника (таштанды чыгаруучу унаа) алуу боюнча“Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондуна долбоор өткөрүүдө, өздүк салым үчүн төлөнө турган 500 000 (беш жүз миң) сом акча каражаты Кара- Суу айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башкы эсепчисине тапшырылсын.
3. Бул токтомду жетекчиликке алып аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Карбозовго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Молдогазиев |