Загрузка документа…
2025-жылдын 15-декабры №4/9
Кара-Суу айыл аймагынын айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясынын регламентин жана кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин пайдалануунун келечек планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 токтому менен бекиген, айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби жөнүндөгү типтүү жобосуна ылайык, Кара-Суу айыл аймагынын айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясынын регламентин жана кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин пайдалануунун келечек планын бекитүү боюнча Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жер адиси Э.Токтоналиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Суу айыл аймагынын айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун
жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясынын регламенти бекитилсин.
2. Кара-Суу айыл аймагынын кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин пайдалануунун келечек планын бекитилсин.
Төрага | А. Молдогазиев |