КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 9-февралы № 70
Маалымат алуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын актуалдаштыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 200 “Түндүк” электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасындагы маалыматтык системалардын өз ара аракеттенүүсүнө карата талаптарды бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Түндүк” электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасындагы маалыматтык системалардын өз ара аракеттенүүсүнө карата талаптарда:
– 5-пунктта:
он бешинчи абзацтагы “Өкмөтү” деген сөз “Министрлер Кабинети” деген сөздөргө алмаштырылсын;
он тогузунчу абзацтагы “Электрондук башкаруу жөнүндө”, “Электрондук колтамга жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” деген сөздөр “Маалымат алуу укугу жөнүндө” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 24-пункттагы “Өкмөтү” деген сөз “Министрлер Кабинети” деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-июлундагы № 328 “Гидрометеорология чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын гидрометеорология жана жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн булганышынын мониторинги боюнча маалымат берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Гидрометеорология чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын гидрометеорология жана жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн булганышынын мониторинги боюнча маалымат берүү тартиби жөнүндө жободо:
– 3-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Адистештирилген метеорологиялык, агрометеорологиялык, гидрологиялык маалымат Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 “Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык акы төлөө негизинде берилет.”;
– 7-пункттун үчүнчү абзацындагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” деген сөздөр “Маалымат алуу укугу жөнүндө” деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-августундагы № 404 “Кыргыз Республикасынын товардык рынокторунда үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин мамлекеттик реестрине киргизилген чарба жүргүзүүчү субъекттерге экономикалык-статистикалык байкоо жүргүзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын товардык рынокторунда үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин мамлекеттик реестрине киргизилген чарба жүргүзүүчү субъекттерге экономикалык-статистикалык байкоо жүргүзүүнүн тартибинде: