Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 29-январы № 21
Автомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоону жүзөгө ашыруучу уюмдардын автомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо чөйрөсүндөгү ишин жөнгө салууну апробациялоо жана өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө
(КР Президентинин 2026-жылдын 19-августундагы № 297 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Лицензиялануучу иштин түрлөрүн мамлекеттик жөнгө салуу системасын өркүндөтүү, колдонуудагы лицензиялоо тартибинин натыйжалуулугун баалоо, оптималдуу уюштуруучулук-укуктук чечимдерди иштеп чыгуу максатында, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-1-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66 жана 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. 2026-жылдын 30-январынан тартып 2026-жылдын 31-декабрына чейин автомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо боюнча билим берүү ишин жөнгө салууну өркүндөтүү боюнча апробациялык режим киргизилсин.
(КР Президентинин 2026-жылдын 19-августундагы № 297 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- апробациялык режим мезгилинде автомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо боюнча билим берүү ишин жүзөгө ашырууга жеке менчик билим берүү уюмдарына (автомектептерге) мурда берилген лицензиялардын колдонулушу токтотулуп турат деп;
- апробациялык режим мезгилинде билим берүү иши мамлекеттик автомектептер тарабынан жүргүзүлөт деп.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы:
– 2026-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө апробациялык режимдин ишке ашырылышына мониторинг жүргүзсүн;
– 2026-жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына апробациялык режимди ишке ашыруунун орто аралык натыйжаларын эске алуу менен даярдалган Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун киргизсин.
(КР Президентинин 2026-жылдын 19-августундагы № 297 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 30-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |