Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2026-жылдын 27-январындагы № 39-т

тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2025-жылдын 11-ноябры № 969-т

 

"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-январындагы № 18-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылга иш-аракеттер планында:

- 275, 276-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"

275

Региондордогу маданият мекемелерин башкаруу системасын реформалоо жана өркүндөтүү

Китептердин эскирген нускаларын кийин эсептен чыгаруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балансында турган айылдык китепканалардын китепкана фонддорун инвентаризациялоо

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балансында турган айылдык китепканалардын китепкана фонддоруна толук инвентаризация жүргүзүлдү.

Китептердин эскирген жана эскилиги жеткен нускаларын эсептен чыгаруу боюнча нускама иштелип чыкты жана бекитилди

ММЖСМ

1-декабрь

Республикалык бюджеттин каражаттарынын алкагында

276

Райондук/айылдык маанидеги маданият объекттеринин мекемелерин (клубдар, маданият үйлөрү, музейлер, китепканалар) модернизациялоо жана оптималдаштыруу

"Маданият борбору" пилоттук көп функционалдуу маданий борборун түзүү боюнча концепциянын долбоорун иштеп чыгуу

"Маданият борбору" көп функционалдуу маданий борборунун концепциясынын долбоору иштелип чыкты

ММЖСМ

1-декабрь

Республикалык бюджеттин каражаттарынын алкагында

";

- 290-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"

290

Жаштар саясаты чөйрөсүндөгү демилгелерди ишке ашыруу

III кыргыз-казак жаштар форумун өткөрүү

Эки өлкөнүн жаштарынын ортосунда эксперттик диалогду жана тажрыйба алмашууну өнүктүрүү үчүн аянтча түзүлдү; билим берүү, ишкердик, экология жана маданият чөйрөсүндө биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө макулдашууларга жетишилди

ММЖСМ

20-август

Республикалык бюджеттин каражаттарынын алкагында

".

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.А. Касымалиев