Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 43 Жарлыгына)
Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын башкы жана улук административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана анын иштөө тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Президентинин 2026-жылдын 15-июлундагы № 257 , 2026-жылдын 15-сентябрындагы № 329 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын башкы жана улук административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүүнүн жана иштетүүнүн тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башкы жана улук административдик кызмат орундарына кадрлар резервин (мындан ары - кадрлар резерви) түзүүнүн жана иштетүүнүн тартибин белгилейт.
2. Кадрлар резерви - бул мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башкы жана улук административдик кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлердин (резервисттердин) тобу.
3. Кадрлар резервинин максаттары:
1) мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка квалификациялуу адистерди тартуу;
2) мамлекеттик органда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын башкы жана улук административдик бош кызмат орундарын өз убагында ээлөө.
4. Кадрлар резервинин милдеттери:
1) мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын башкы жана улук административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөө үчүн резервисттердин тобун түзүү;
2) мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын милдеттерин жана функцияларын кесипкөйлүк менен жана натыйжалуу ишке ашырууга жөндөмдүү кадрларды тандоо, андан ары окутуу жана көтөрүүнүн негизинде мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кадрдык потенциалын рационалдуу пайдалануу;
3) резервисттерди тиешелүү кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптарга ылайык мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын тиешелүү бош кызмат орундарына көтөрүү.
5. Кадрлар резервин түзүү принциптери:
1) квалификациялык талаптарга жооп берген шартта Кыргыз Республикасынын жарандарынын кызматка кирүүдө жынысына, расасына, майыптуулугунун болушуна, этностук таандыктыгына, туткан динине, саясий же башка ынанымдарына, социалдык же мүлктүк абалына карабастан бирдей жеткиликтүүлүгү;
2) тандоодо атаандаштык;
3) кабыл алуунун ыктыярдуулугу;
4) ачыктык, калыстык жана айкындуулук.
6. Кадрлар резерви мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан тиешелүүлүгүнө жараша түзүлөт.
Мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмдөрүнүн өзгөчөлүгүн жана штаттык санын эске алуу менен, мамлекеттик органдын жетекчиси ведомстволук бөлүмдүн жетекчисине мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмүнүн өзүнчө кадрлар резервин түзүү укугун бере алат. Мындай учурда мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмүнүн жетекчиси ушул Жободо мамлекеттик органдын жетекчиси үчүн белгиленген функцияларды (ыйгарым укуктарды) ишке ашыра алат.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (райондук жана облустук маанидеги шаарлардын мэриялары) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын административдик муниципалдык кызмат орундарын эске алуу менен кадрлар резервин түзөт.
2-глава. Кадрлар резервин түзүүнүн тартиби
7. Кадрлар резервине төмөнкүлөр киргизилет:
1) эгерде ушул пунктта башкача белгиленбесе, ушул органда административдик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик жарандык кызматчылар жана муниципалдык кызматчылар (мындан ары - кызматчылар);
2) мамлекеттик органды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын кайра уюштурууга, штатты кыскартууга, ден соолугунун абалы боюнча узакка созулган эмгекке жарамсыздыкка байланыштуу кызмат орундарынан бошотулган адамдар;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга жооп берген, кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурстук тандоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары;
4) "Акылман" президенттик лицейинин жогорку кесиптик же орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү программалары боюнча окууну аяктаган жана диплом же аны алмаштыруучу башка документ алган бүтүрүүчүлөрү жеке арызынын негизинде конкурстан тышкары тартипте;
5) Кыргыз Республикасынын Президентинин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясынын алкагында билим алган жана диплом же аны алмаштыруучу башка документ алган чет өлкөлүк жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү жеке арызынын негизинде конкурстан тышкары тартипте;
6) Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар жогорку окуу жайларын артыкчылык менен аяктаган бүтүрүүчүлөр жеке арызынын негизинде конкурстан тышкары тартипте;
7) Евразия экономикалык бирлигинин органдарында 2 (эки) жылдан ашык иштеген кызмат адамдары жана кызматкерлери кызмат ордунан бошотулган күндөн тартып 6 (алты) айдын ичинде берилген жеке арызынын негизинде;
8) жергиликтүү кеңештердин депутаттарынан тышкары, тиешелүү мамлекеттик органда же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында саясий мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар кызмат ордунан бошотулган күндөн тартып 6 (алты) айдын ичинде берилген жеке арызынын негизинде;
9) майыптыгы бар, квалификациялык талаптарга жооп берген Кыргыз Республикасынын жарандары жеке арызынын негизинде конкурстан тышкары тартипте.
Кирүүнүн өзгөчө (конкурстан тышкары) тартиби белгиленген кызматчылар, ошондой эле патронаттык кызмат орундарын ээлеген кызматчылар мамлекеттик органда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында акыркы кызмат ордунда 6 (алты) ай иштегенден кийин кадрлар резервине киргизилет.
Министрликтерде "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте бош кызмат орундарына дайындалган кызматчылар кадрлар резервине конкурстун жыйынтыгы боюнча киргизилет.
Ушул пункттун 4-6-пунктчаларында көрсөтүлгөн адамдар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен тизмеги аныкталуучу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадрлар резервине тиешелүү административдик кызмат орундарынын тобуна коюлуучу квалификациялык талаптарга ылайык киргизилет.
(КР Президентинин 2026-жылдын 15-сентябрындагы № 329 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
8. Кадрлар резервине киргизүүгө конкурс (мындан ары - конкурс) тийиштүү мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан жарыяланат жана өткөрүлөт.
Конкурс өткөрүү өзүнө төмөнкү этаптарды камтыйт:
- конкурска катышуучулардын документтерин тиешелүү кызмат орундарына коюлган талаптарга ылайык келишин кароо;
- талапкерлерди мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) компьютердик тестирлөө;
- аңгемелешүү.
9. Конкурс өткөрүү максатында ар бир мамлекеттик органда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында конкурстук комиссия (мындан ары - конкурстук комиссия) түзүлөт. Конкурстук комиссиянын курамы 9 адамдан ашпашы керек.
10. Мамлекеттик органдын конкурстук комиссиясынын курамы мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан бекитилет.
Конкурстук комиссиянын курамына милдеттүү түрдө төмөнкүлөр киргизилет:
- персоналды башкаруу кызматынын жетекчиси (адиси);
- коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу (эгерде бар болсо);
- жарандык коомдун өкүлү жана/же мамлекеттик же муниципалдык кызматтын ардагери (макулдашуу боюнча).
Конкурстук комиссиянын төрагасы болуп мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары (кадрдык ишти тейлеген), мамлекеттик органдын аппаратынын жетекчиси, персоналды башкаруу боюнча кызматынын жетекчиси саналат. Мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басарын (кадрдык ишти тейлеген), аппараттын жетекчисин, персоналды башкаруу боюнча кызматтын жетекчисин конкурстук комиссиянын төрагасы кылып аныктоо мүмкүн болбогон учурда - мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан аныкталуучу башка кызмат адамы саналат.
Конкурстук комиссиянын катчысы болуп мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан аныкталуучу персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адам саналат.
Мамлекеттик органдын ведомстволук же аймактык бөлүмүндө конкурстук комиссия түзүлүшү мүмкүн, анын курамы мамлекеттик органдын жетекчиси менен макулдашуу боюнча мамлекеттик органдын ведомстволук же аймактык бөлүмүнүн жетекчиси тарабынан бекитилет.
Комиссиянын жок болгон мүчөсүнүн ордун алмаштырууга жол берилбейт.
11. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын конкурстук комиссиясынын курамы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан бекитилет.
Конкурстук комиссиянын курамына милдеттүү түрдө төмөнкүлөр киргизилет:
- облустук маанидеги шаардын мэриясында конкурс өткөрүүдө - Кыргыз Республикасынын Президентинин тийиштүү облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн өкүлү;
- райондук маанидеги шаардын мэриясында жана айыл өкмөтүндө конкурс өткөрүүдө - жергиликтүү мамлекеттик администрациянын өкүлү;
- персоналды башкаруу кызматынын өкүлү же персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адам (эгерде бар болсо);
- коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу (эгерде бар болсо);
- жарандык коомдун өкүлү жана/же мамлекеттик же муниципалдык кызматтын ардагери (макулдашуу боюнча).
Конкурстук комиссиянын төрагасы жана катчысы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен аныкталат.
Республикалык маанидеги шаарларда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ведомстволук/түзүмдүк же аймактык бөлүмдөрүндө конкурсту уюштуруу жана өткөрүү үчүн тийиштүү конкурстук комиссияларды түзүүгө укуктуу. Ведомстволук/түзүмдүк же аймактык бөлүмдүн конкурстук комиссиясынын курамы, анын иштөө тартиби жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан бекитилет.
Жергиликтүү кеңештердин муниципалдык кызматчыларынын штаттык санын эске алуу менен жергиликтүү кеңештин конкурстук комиссиясынын курамына жергиликтүү кеңештин төрагасы тарабынан аныкталуучу жергиликтүү кеңештин депутаты (депутаттары) жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын өкүлү (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын башчысы менен макулдашуу боюнча комиссиянын катчысы катары) киргизилиши мүмкүн.
Комиссиянын жок болгон мүчөлөрүнүн ордун алмаштырууга жол берилбейт.
12. Мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы конкурстук тандоо өткөрүү жөнүндө тийиштүү акты чыгарылгандан кийин 2 (эки) жумуш күндүн ичинде бул маалыматты өзүнүн ведомстволук веб-сайтына жайгаштырат жана жарыянын текстин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга анын ведомстволук веб-сайтына жайгаштыруу үчүн жиберет.
Эгерде мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына байланышпаган жагдайлар боюнча маалыматты ведомстволук веб-сайтка жайгаштыруу мүмкүн болбосо, анда аны жалпыга маалымдоо каражаттарында жайгаштырууга жол берилет.
Конкурс өткөрүү жөнүндө маалымат төмөнкү маалыматтарды камтышы керек:
- мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышы жана юридикалык дареги;
- тиешелүү кызмат орундарына коюлуучу квалификациялык талаптар;
- конкурска катышуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги;
- арыздарды жана документтерди берүү мөөнөтү.
Кулактандыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка кошумча маалыматтарды камтышы мүмкүн.
Конкурс зарылдыгына жараша өткөрүлөт. Мында ачык конкурстук тандоонун натыйжалары боюнча киргизилген адамдардын саны мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын улук жана башкы административдик кызмат орундарын ээлеген кызматчыларынын жалпы штаттык санынын 100 пайызынан ашпоого тийиш, мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ар бир административдик кызмат орду боюнча тең салмактуу мамилени эске алуу менен.
13. Конкурска катышууну каалаган адамдар "е-Kyzmat" мамлекеттик порталындагы жеке кабинети аркылуу:
1) электрондук форматта өтүнмө берет;
2) Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө макулдугун ырастайт;
3) мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген коррупцияга каршы чектөөлөрдү кабыл алгандыгын ырастайт.
Өтүнмөгө электрондук форматтагы документтер (сканерленген документтер) тиркелет.
Өтүнмөгө тиркелген сканерленген документтердин тизмеги жана аларга коюлуучу талаптар ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
Документтерди кабыл алуу мөөнөтү мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан аныкталат жана конкурс өткөрүү жөнүндө маалымат жайгаштырылган күндөн тартып 10 (он) календардык күндөн кем болбоого тийиш. Документтерди кабыл алуу аяктаган мөөнөт конкурс өткөрүү жөнүндө жарыянын текстинде көрсөтүлөт.
Персоналды башкаруу кызматы же персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адам автоматташтырылган маалыматтык системалардын жардамы менен талапкердин инсандыгын аныктайт.
Талапкер конкурска катышууга өтүнмө бергенден кийин мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маалыматтар базасында ал жөнүндө маалыматтардын бар же жок экендигин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында адам ресурстарын башкаруунун автоматташтырылган маалыматтык системасы ("е-Kyzmat" АМС) аркылуу текшерет.
Көрсөтүлгөн маалыматтар базасында талапкер жөнүндө маалымат чыккан учурда мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы мыйзамдарда белгиленген тартипте жоюлбаган соттуулугу, ошондой эле соттуулугу жоюлганына же алып салынганына карабастан, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттуулугу бар экендиги тууралуу жана көрсөтүлгөн кылмыштар боюнча реабилитациялабоочу негиздер боюнча токтотулган кылмыш иши тууралуу маалыматтарды алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине суроо-талап жөнөтөт.
Талапкер берилген маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат. Эгерде жасалма же анык эмес маалыматтар аныкталса, талапкер конкурска катышуудан четтетилип, кадрлар резервинен чыгарылып жана белгиленген тартипте административдик же кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн.
Талапкер конкурс өткөрүүнүн бүткүл мезгилинде өзүнүн электрондук почтасынын дарегине, ошондой эде "e-Kyzmat" мамлекеттик порталындагы жеке кабинетине жөнөтүлгөн маалыматтарды жана билдирүүлөрдү өз убагында карап турууга милдеттүү.
(КР Президентинин 2026-жылдын 15-сентябрындагы № 329 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
14. Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:
1) административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:
- жогорку билим;
- жалпысынан 1 (бир) жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 (үч) жылдан кем эмес иш стажы;
2) административдик кызмат орундарынын башкы тобу үчүн:
- жогорку билим;
- жалпысынан 3 (үч) жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 5 (беш) жылдан кем эмес иш стажы.
15. Документтерди кабыл алуу аяктаган күндөн тартып 10 (он) жумуш күндүн ичинде ушул Жобого ылайык тапшырылган арыздардын жана документтердин негизинде комиссия талапкерлердин белгиленген талаптарга ылайык келери (же болбосо ылайык келбестиги) жана аларды компьютердик тестирлөөгө уруксат берүү жөнүндө чечим кабыл алат.
16. Мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы документтерди карап чыккандан кийин 3 (үч) жумуш күндүн ичинде кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлерди тестирлөөдөн өткөрүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өтүнмө берет.
Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлерди тестирлөө ушул Жобонун 3-главасында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
17. Аңгемелешүү конкурстук комиссия тарабынан өткөрүлөт.
Аңгемелешүүнүн жыйынтыгы боюнча комиссия талапкерди кадрлар резервине киргизүүгө сунуштоо жөнүндө же анын талапкерлигин четке кагуу тууралуу чечим кабыл алат.
Комиссиянын ар бир мүчөсү талапкерди кадрлар резервинин курамына сунуштоого "макул" же сунуштоого "каршы" деген гана добуш берет.
Комиссиянын чечими жыйналышка катышкан мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат.
Талапкерлер добуштардын бирдей санына ээ болуп калган учурда комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
Комиссиянын жыйналышы ага курамынын кеминде үчтөн экиси катышкан учурда мыйзамдуу деп эсептелет.
Конкурстук комиссия тарабынан аңгемелешүү өткөрүлгөн учурда аңгемелешүүнү видео жана аудио жазуу жүргүзүлөт.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталуучу Кыргыз Республикасынын алыскы райондорунда аңгемелешүү өткөрүлгөн учурда аңгемелешүүнү аудио жазууга гана жол берилет.
Аңгемелешүүлөрдү видео жана аудио жазуулар мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын персоналды башкаруу кызматында белгиленген тартипте 3 (үч) жыл бою сакталууга тийиш.
18. Конкурстун катышуучусунун жазуу жүзүндөгү арызы боюнча ал катталган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күндүн ичинде ага аңгемелешүүнүн видео же аудио жазуусунун ага тиешелүү бөлүгүнүн гана көчүрмөсү берилет же болбосо аңгемелешүүнүн видео же аудио жазуусунун ал катышкан бөлүгүн көрүү/угуу уюштурулат.
19. Комиссиянын чечимине (актысына) сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.
20. Конкурстун жыйынтыгы боюнча конкурстук тандоодон ийгиликтүү өткөн талапкерлер 3 (үч) жумуш күндүн ичинде конкурстук комиссиянын чечиминин (актысынын) негизинде мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин буйругу (же башка тескөөчү документ) менен кадрлар резервине киргизилет.
21. Ушул Жободо жөнгө салынбаган кадрлар резервин түзүү жана иштетүү боюнча маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого каршы келбеген бөлүктө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.