1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августундагы № 429 токтомуна)
Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мекеменин карамагында турган жерлерди энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттерин куруу үчүн өткөрүп берүү тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Суу кодексине, Кыргыз Республикасынын Токой кодексине, "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө", "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө", "Суу жөнүндө", "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондунун (мындан ары - Фонд) мөөнөтсүз пайдалануусунда турган жерлерди энергиянын кайра жаралуучу булактарынын (мындан ары - ЭКБ) объекттерин куруу үчүн өткөрүп берүү шарттарын жана тартибин, анын ичинде конкурстук комиссиянын иши, конкурсту даярдоо, өткөрүү жана жыйынтыгын тариздөө маселелерин аныктайт.
2. Фонддун мөөнөтсүз пайдалануусунда турган жерлерди ЭКБ объекттерин куруу үчүн убактылуу пайдаланууга өткөрүп берүү ушул Жобого ылайык Фонд тарабынан жүзөгө ашырылат.
3. Фонд ЭКБ объекттерин куруу үчүн Фонддун мөөнөтсүз пайдалануусунда турган жер участокторун конкурс аркылуу өткөрүп берет.
ЭКБ объекттерин куруу үчүн Фонддун мөөнөтсүз пайдалануусунда турган жер участоктору уставдык капиталындагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбалык коомдорго, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдоруна конкурс өткөрбөстөн акысыз пайдаланууга өткөрүп берилет.
2-глава. Конкурстук комиссия
4. ЭКБ чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жер участогун өткөрүп берүү боюнча конкурсту өткөрүүдө Фонд тарабынан 5тен (бештен) кем эмес, бирок 9 (тогуз) адамдан ашык эмес курамда конкурстук комиссияны (мындан ары - Комиссия) түзөт.
5. Комиссия төрагадан, төраганын орун басарынан, Комиссиянын мүчөлөрүнөн жана катчысынан турат.
6. Комиссиянын төрагасы Фонддун директору болуп саналат.
1) Комиссиянын курамына төмөнкүлөрдүн өкүлдөрү кирет:
- Фонддун (туруктуу негизде);
- ирригация чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын;
- энергетика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын;
- архитектура жана курулуш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын;
- токой ресурстары чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын;
- жаратылыш ресурстары чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын;
- маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын;
- энергетика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталуучу электр энергетикалык компаниянын.
7. Комиссиянын төрагасы Комиссиянын ишине жетекчилик кылат, жыйналыштын күн тартибин бекитет жана Комиссиянын жыйналышында төрагалык кылат.
8. Комиссиянын курамы Фонддун буйругу менен бекитилет.
9. Комиссиянын катчысы Комиссиянын жыйналышын даярдоо боюнча иштерди жүргүзөт, жыйналыштын протоколун жүргүзөт жана добуш берүү учурунда Комиссиянын мүчөлөрүнүн добуштарын эсептейт.
10. Комиссиянын төрагасы жок болгон учурда анын функцияларын төраганын орун басары аткарат.
11. Комиссиянын мүчөлүгүнө талапкерлер конкурс башталганга чейин 10 күн калганда уюмдардын жетекчилигинин Фондго жазуу жүзүндөгү кайрылуусу боюнча Комиссиянын курамынан чыгарылышы мүмкүн.
12. Мында конкурсту өткөрүү учурунда Комиссиянын курамы өзгөрбөйт.
13. Комиссиянын бардык жыйналыштары каралып жаткан маселелердин мазмунуна ылайык катчы тарабынан протоколго киргизилет жана жыйналышка катышкан бардык Комиссия мүчөлөрү тарабынан кол коюлат.
14. Комиссиянын жыйналышы, эгерде ага Комиссиянын мүчөлөрүнүн кеминде 2/3 бөлүгү катышса, укуктуу деп таанылат.
15. Добуштар тең болуп калган учурда Комиссиянын жыйналышына төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп эсептелет.
16. Комиссиянын чечими менен макул болбогон Комиссия мүчөлөрү өз пикирин жазуу жүзүндө баяндоого укуктуу, ал Комиссиянын жыйналышынын протоколуна милдеттүү түрдө тиркелүүгө тийиш.
3-глава. Конкурсту даярдоо жана өткөрүү процесси
17. Комиссиянын жумушчу органы болуп Фонд саналат, ал төмөнкүлөрдү ишке ашырат:
- конкурсту өткөрүүнү уюштурат;
- жалпыга маалымдоо каражаттарында жана ЭКБ чөйрөсүндөгү мамлекеттик мекеменин расмий сайтында кулактандыруу жарыялайт, анда конкурстук өтүнмөлөрдү берүү мөөнөттөрү жана тартиби камтылууга тийиш;
- конкурстук өтүнмөлөрдү кабыл алат жана каттайт;
- Комиссиянын протоколунун негизинде конкурстун жеңүүчүсүнө ЭКБ-орнотмолорун куруу үчүн жер участогун өткөрүп берет.
Чет өлкөлүк жеке же юридикалык жак конкурстун жеңүүчүсү катары аныкталган учурда конкурстун катышуучусу Кыргыз Республикасынын аймагында 100% үлүштүк катышуусу менен туунду юридикалык жакты түзүүгө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө тийиш.
Конкурсту өткөрүү шарттары жана тартиби, жеңүүчүнү аныктоо критерийлери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
18. Конкурсту өткөрүүгө чейин 30 күндөн кечиктирбестен Фонд конкурсту жокко чыгарууга укуктуу. Жокко чыгарылган учурда, ошондой эле конкурс болбой калган учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Комиссиянын курамын таркатууга же өзгөртүүсүз калтырууга жана кайрадан конкурс жарыялоого укуктуу.