Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-февралындагы № 96-т тескемесине)
Кыргыз Республикасында гендердик теңчиликке жетүү боюнча 2026–2027-жылдарга
улуттук иш-аракеттер планы
№ | Милдеттин туюндурмасы | Чаралар/иш-аракеттер | Ишке ашыруу мөөнөтү | Күтүлүүчү натыйжалар | Жооптуу аткаруучулар |
|
1-глава. Аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, гендердик аспектилерди эске алуу менен климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоону жакшыртуу | ||||||
1 | Аялдарды иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү
| Чөйрөнүн коопсуздук ченемдерин сактоо менен айыл жерлеринде чакан жеке менчик балдардын билим берүү уюмдарын түзүү боюнча демилгелерди колдоонун эсебинен ББУ тармагын, анын ичинде инклюзивдик уюмдарды көбөйтүү | Жыл сайын | Мектепке чейинки билим алган алты жашка чейинки балдардын үлүшү базалык көрсөткүчкө (2024-ж.–32,35 %) салыштырмалуу көбөйдү, натыйжада аялдардын жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейишине жөндөм түзүлдү | Агартуумин, КРП облустардагы ЫУӨ, Бишкек, Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) |
|
2 | Аялдардын жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү
| 2.1. Аялдардын чакан ишкердигин өнүктүрүү үчүн социалдык контрактын негизинде социалдык жардам көрсөтүүнү камсыз кылуу | 2026-жылдын IV кварталы – 2027-жылдын IV кварталы | Социалдык контракт түзгөн аялдардын үлүшү | ЭСКММ, КРП облустардагы ЫУӨ, Бишкек, Ош шаарларынын мэриялары |
|
2.2. Интернет-ишкердик боюнча жаштар үчүн ментордук программаны өткөрүү | 2026-жыл | Жаштар интернет-ишкердик көндүмдөрүн алды, анын ичинде алардын 50 %дан кем эмеси кыздар, 5 %дан кем эмеси майыптыгы бар жаштар | ММЖСМ, ЭСКММ |
| ||
2.3. Мамлекеттик социалдык заказдын алкагында салттуу кол өнөрчүлүк аркылуу алыскы аймактардагы аялдарга колдоо көрсөтүү | 2026-жылдын IV кварталы – 2027-жылдын IV кварталы | Салттуу кол өнөрчүлүк чөйрөсүндөгү ишке тартылган аялдардын саны көбөйдү | ЭСКММ |
| ||
3 | Аялдардын сапаттуу билим алууга жана ар түрдүү тармактарда карьералык мүмкүнчүлүктөргө тең жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, ошондой эле бизнес-демилгелерди туруктуу өнүктүрүү үчүн окутуу аркылуу аялдардын ишкердигин илгерилетүү | 3.1. Аялдардын, анын ичинде майыптыгы бар аялдардын жана эркектердин, ошондой эле майыптыгы бар балдарды тарбиялап жаткан үй-бүлөлөрдүн финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча иш-чараларды өткөрүү | 2026-жылдын IV кварталы – 2027-жылдын IV кварталы
| Финансылык маданият жаатындагы билим деңгээли жогорулап, ишкердикти баштоо жана өнүктүрүү, ошондой эле өз укуктарын коргоо үчүн зарыл болгон көндүмдөр калыптанды | ЭСКММ
|
|
3.2. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар үчүн санариптик платформанын базасында аялдардын ишкердиги боюнча онлайн-курсту иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | 2026-жылдын IV кварталы – 2027-жылдын IV кварталы | Аялдар ишкердигин колдоо программаларын натыйжалуу иштеп чыгуу жана ишке киргизүү үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын потенциалы жогорулады | КРПМБА, СӨИТМ |
| ||
3.3. Кыздарга жана жаш аялдарга, анын ичинде майыптыгы бар аялдарга багытталган техникалык жана кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча курстарды жана программаларды түзүү жана ишке ашыруу | 2026-жылдын IV кварталы – 2027-жылдын IV кварталы | Техникалык билим алууну каалаган аялдардын, анын ичинде майыптыгы бар аялдардын саны өстү
| Агартуумин, КРП облустардагы ЫУӨ, Бишкек, Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) |
| ||
3.4. Жаш балдарга жана өспүрүмдөргө, анын ичинде майыптыгы бар балдарга багытталган техникалык жана кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүү үчүн курстарды жана программаларды түзүү жана ишке ашыруу
| 2026-жылдын IV кварталы – 2027-жылдын IV кварталы
| Адаттагыдай «аялдыкы» деп эсептелген кесиптерге ээ болууну каалаган өспүрүмдөрдүн саны көбөйдү (тигүүчү, педагог жана башкалар) | Агартуумин, КРП облустардагы ЫУӨ, Бишкек, Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) |
| ||
3.5. Энергетика чөйрөсүндө иштеген аялдардын квалификациясын жогорулатуу үчүн энергетика тармагынын актуалдуу темалары боюнча окутууну уюштуруу | Жыл сайын | Энергетика чөйрөсүндөгү аялдардын квалификациясы жогорулады | ЭМ |
| ||
3.6. Аялдардын, эркектердин жана иш берүүчүлөрдүн инклюзивдүү жана гендердик-сезимтал эмгек мамилелери боюнча укуктук сабаттуулугун жогорулатуу | 2026-жылдын IV кварталы – 2027-жылдын IV кварталы
| Инклюзивдүү жана гендердик-сезимтал маселелер боюнча аялдардын жана эркектердин, ошондой эле иш берүүчүлөрдүн укуктары жана милдеттери боюнча билим деңгээли жогорулады | ЭСКММ |
| ||
4 | Климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо саясатына гендердик өлчөөнү киргизүү | 4.1. Париж макулдашуусунун алкагында КР Улуттук деңгээлде аныктала турган салымына (УДАС) гендердик-инклюзивдик аспектилерди интеграциялоо | 2026-жыл
| УДАСка гендердик жана инклюзивдик аспектилер киргизилди
| ЖРЭТКМ, ЭСКММ
|
|
4.2. Сунуштар менен климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча улуттук, сектордук жана стратегиялык документтерге гендердик-инклюзивдик талдоо жүргүзүү | 2026-жыл | Климаттын өзгөрүшү боюнча улуттук жана сектордук стратегиялык документтерге гендердик жана инклюзивдик аспектилер интеграцияланды
| ЖРЭТКМ, ЭКМ, ЭСКММ |
| ||
2-глава. Гендердик тең укуктуу маданий чөйрөнү калыптандыруу жана функциялык билим берүүнү өнүктүрүү | ||||||
5 | Балдарга жана кыздарга тарбия берүүдө тең жана дискриминация-сыз мамиле кылууну өз ара колдоо принциптерин илгерилетүү | 5.1. Үй-бүлөлүк жана гендердик ролдорго позитивдүү мамилени калыптандыруу боюнча журналисттер жана ой-пикир лидерлери үчүн тренингдерди жана иш-чараларды өткөрүү | 2026-жылдын IV кварталы – 2027-жылдын IV кварталы
| Үй-бүлөлүк гендердик ролдорго мамилени өзгөртүү боюнча тренингдик модулдар иштелип чыкты жана ишке киргизилди | ММЖСМ, ЭСКММ |
|
5.2. Балдарды жана кыздарды тарбиялоо маселелери боюнча ата-энелер жана окуучулар үчүн биргелешкен тренингдерди, ачык сабактарды, конкурстарды жана викториналарды уюштуруу | 2026–2027-окуу жылдары
| Балдарга жана кыздарга бирдей мамиле кылуу боюнча ата-энелердин көз караштары калыптанды | Агартуумин, КРП облустардагы ЫУӨ, Бишкек, Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) |
| ||
5.3. Калктын өзүн-өзү баалоосун, билимин, көз карашын, жүрүм-турумун жана практикалык көндүмдөрүн жогорулатууга, ошондой эле жергиликтүү демилгелерди жана зомбулуксуз жашоону илгерилетүү боюнча жаңы социалдык ченемдерди колдоого багытталган, GALS моделин камтыган, гендердик социалдык ченемдерди өзгөртүү жана окутуу боюнча гендердик-трансформациялоочу системаларын киргизүү | 2026-жылдын IV кварталы – 2027-жылдын IV кварталы
| Айрым адамдардын жана топтордун гендердик көз караш менен жашоо каражаттарын талдоого катышуусу үчүн платформалар кеңейтилип, жеке деңгээлде жана үй-бүлөдө гендердик тоскоолдуктарды жеңүүдө гендердик теңсиздикти жоюу боюнча чаралар көрүлдү | ЭСКММ, КРП облустардагы ЫУӨ, Бишкек, Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) |
| ||
5.4. Региондордо «Тилектештик автобусу» демилгесин, анын ичинде аялдардын жана кыздардын укуктук маалымдуулугун жогорулатуу үчүн улуттук маалыматтык өнөктүктү өткөрүү | 2026–2027- жылдар, жылына 2 жолу | Пилоттук аймактарда аялдардын жана кыздардын укуктук сабаттуулук маселелери боюнча маалымдуулугу жогорулады | ЮЖК, Адвокатура (макулдашуу боюнча) |
| ||
5.5. Гендердик теңчилик, аялдардын укуктары жана сот адилеттигине жетүү маселелери боюнча маалыматтык-түшүндүрүү материалдарын ЖМКга үзгүлтүксүз жайгаштыруу
| 2026–2027-жылдар, ар кварталына 1 жолу | «Акысыз адвокат» телеберүүсү жана «Таңкы юридикалык кофе» рубрикасын чыгаруу ишке ашырылды. Социалдык тармактарда материалдарды жарыялоо жарандардын укуктук маалымдуулугун жогорулатты | ЮЖК, Адвокатура (макулдашуу боюнча) |
| ||
6 | Стереотиптерден эркин гендердик сезимтал билим берүүнү өнүктүрүү
| 6.1. Билим берүү стандарттарына жана окуу-методикалык комплекстерге басмырлоого каршы жана гендердик экспертиза жүргүзүү | 2026-жылдын IV кварталы – 2027-жылдын IV кварталы | Стандарттар жана окуу-методикалык комплекстер талданды, сунуштар иштелип чыкты жана андан аркы иштерде эске алынды. Басмага даярдалган окуу китептери экспертизадан өттү жана БКГЭ талаптарына шайкеш келет | Агартуумин |
|
6.2. Окуу китептеринин авторлорун, педагогдорду, билим берүү уюмдарынын педагогдорун жана басмаканалардын кызматкерлерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди БКГЭ методологиясына, анын ичинде инклюзивдик аспекттерге окутуу | 2026-жылдын IV кварталы – 2027-жылдын IV кварталы | Окутулган авторлор БКГЭ талаптарына шайкеш келген окуу-методикалык комплекстерди иштеп чыга алат, педагогдор, методисттер жана эксперттер окуу-методикалык комплекстерге сапаттуу БКГЭ жүргүзө алат | Агартуумин |
| ||
6.3. Мугалимдердин гендердик компетенттүүлүгүн жогорулатуу
| 2026-жылдын IV кварталы – 2027-жылдын IV кварталы | Гендердик- трансформативдик модулдар иштелип чыкты жана билим берүү процессине киргизилди, ошондой эле мугалимдер үчүн гендердик-трансформативдик методдорду колдонуу боюнча тренингдер жана семинарлар өткөрүлдү | ИЖББИМ |
| ||
6.4. Кесиптик лицейлердин окуу программаларына гендердик теңчилик жана туура, адилеттүү мамилелерди түзүү маселелерин киргизүү | 2026-жылдын IV кварталы – 2027-жылдын IV кварталы | Кесиптик лицейлердин окуу программаларына гендердик теңчилик маселелери киргизилди, позитивдүү эрктүүлүк боюнча компонент күчөтүлдү | Агартуумин |
| ||
6.5. Диний окуу жайлардын (медреселердин) окутуучулары арасында үй-бүлөнү пландоо жана жоопкерчиликтүү ата жөнүндө маалыматтык өнөктүк өткөрүү
| 2026-жылдын IV кварталы –2027-жылдын IV кварталы | Диний окуу жайлардын (медреселердин) окутуучулары үй-бүлөнү пландоо жана жоопкерчиликтүү аталыктын маселелери боюнча маалымдалды жана интерактивдүү окутуу методдорун колдонот | ДИЭМУА, ЭСКММ, АМ
|
| ||
7
| Гендердик стереотиптерден эркин медиа чөйрөсүн өнүктүрүү | 7.1. ЖМКларга инклюзивдик жана гендердик-сезимтал журналистиканын стандарттарын киргизүү
| 2026-жылдын IV кварталы – 2027-жылдын IV кварталы | ИГСЖ стандарттары иштелип чыкты жана ЖМКнын журналисттерин жана кызматкерлерин даярдоо программаларына киргизилди | ММЖСМ |
|
7.2. ИГСЖ стандарттарын киргизүүнүн мыкты практикаларын жайылтуу боюнча медиадагы демилгелерди колдоо | 2026-жылдын IV кварталы – 2027-жылдын IV кварталы | Медиа материалдар ИГСЖ стандарттарына шайкеш келет | ММЖСМ, ЭСКММ |
| ||
8 | Эркектердин жана аялдардын кесиптик жөндөмдөрүн ачуусуна коомдук мамилени өзгөртүүгө колдоо көрсөтүү | 8.1. Медиада кесиптик гендердик стереотиптерди жеңүү боюнча маалыматтык өнөктүктөрдү өткөрүү | 2026-жылдын IV кварталы – 2027-жылдын IV кварталы | Мамлекеттик ММК медиасында маалыматтык өнөктүктөр өткөрүлүп, коомдук оң ой-пикир алынды | ЭСКММ, ММЖСМ |
|
8.2. Кесиптик гендердик стереотиптерди бузууга басым жасоо менен кесиптик багыт берүү боюнча класстык сааттарды жана ата-энелер үчүн чогулуштарды өткөрүү | 2026-жылдын IV кварталы – 2027-жылдын IV кварталы | Класстык сааттар жана чогулуштар өткөрүлүп, ата-энелерге жана окуучуларга эмгек рыногундагы гендердик дисбаланс жана кесиптик стереотиптерди жеңүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө маалымдалды | Агартуумин |
| ||
8.3. Жергиликтүү деңгээлде аялдардын футбол командаларын түзүүнү жана аялдар футболу боюнча спорттук мелдештерди өткөрүүнү колдоо | 2026-жылдын IV кварталы – 2027-жылдын IV кварталы | Аялдардын спортко кызыгуусу жогорулап, спорттук активдүүлүккө аялдардын тартылуусу жогорулады, аялдардын футбол командасы түзүлүп, аялдар футболунун өнүгүшү камсыз кылынды | КРП облустардагы ЫУӨ, Бишкек, Ош шаарларынын мэриялары
|
| ||
9 | Эркектер арасында репродуктивдик саламаттык боюнча базалык билимдерди жайылтуу жана жооптуу ата болууну илгерилетүү | 9.1. КР Куралдуу Күчтөрүнүн мөөнөттүү аскер кызматынын аскер кызматчылары, ошондой эле контракттагылардын (солдаттар жана сержанттар) арасында репродуктивдик ден соолук, гендердик теңчилик, гендердик стереотиптерди жеңүү жана гендердик зомбулуктун алдын алуу жөнүндө негизги билимдерди жайылтууну улантуу | 2026-жылдын IV кварталы – 2027-жылдын IV кварталы | Мөөнөттүү кызматтагы жоокерлер тренингдерде окутуудан өтүштү жана репродуктивдик ден соолук, гендердик теңчилик жана басмырлабоо маселелери боюнча өздөрүнүн билимдерин жогорулатты | ССМ, КМ |
|
9.2. Айыл жериндеги эркектердин арасында репродуктивдик ден соолук жөнүндө базалык билимдерди жайылтууну улантуу | 2026-жылдын V кварталы – 2027-жылдын IV кварталы | Айыл жеринде жашаган жана мечитке барган эркектер ден соолук чөйрөсүндөгү билимдерин жогорулатты | ССМ, ДИЭМУА
|
| ||
9.3. Жергиликтүү коомчулуктардын лидерлерин жоопкерчиликтүү ата темасы боюнча окутуу | 2026-жылдын IV кварталы – 2027-жылдын IV кварталы | Коомчулуктардын лидерлери жоопкерчиликтүү ата болуунун маанилүүлүгү жөнүндө билим алды жана аны өз коомчулуктарына жеткирүүдө | ССМ
|
| ||
10 | Зомбулуктун жана басмырлоонун алдын алуу жана ага каршы аракеттенүү боюнча маалымдуулукту жакшыртуу
| 10.1. Тренингдик модулдарды иштеп чыгуу, журналисттер менен коомдук пикир лидерлерин зомбулуктун жана басмырлоонун алдын алуу жана каршы күрөшүү маселелери боюнча окутуу | 2026-жылдын IV кварталы – 2027-жылдын IV кварталы
| Окутуудан өткөн журналисттер зомбулуктун жана басмырлоонун алдын алуу темасында гендердик-сезимтал контент жаратууда | ММЖСМ, ЭСКММ |
|
10.2. ЖМКларда жана социалдык медиаларда гендердик зомбулуктун жана басмырлоонун алдын алуу жана ага каршы аракеттенүү маселелери, анын ичинде майыптыгы бар аялдарга жана кыздарга байланышкан учурлар боюнча маалыматтык кампанияларды өткөрүү | 2026-жылдын IV кварталы – 2027-жылдын IV кварталы | Өткөрүлгөн медиа-кампаниялар гендердик басмырлоо маселелери боюнча калктын кеңири катмарынын маалымдуулугун жогорулатты | ММЖСМ, ИИМ, ЭСКММ |
| ||
10.3. Жогорку класстардын окуучулары үчүн гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулук маселелери боюнча маалыматтык кампанияларды өткөрүү | 2026-жылдын IV кварталы – 2027-жылдын IV кварталы | Мектеп окуучулары гендердик зомбулук жөнүндө маалымат алды жана бул маселелерде маалымдуулук деңгээлин жогорулатты | Агартуумин |
| ||
10.4. Жогорку класстардын окуучулары үчүн гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулук маселелери боюнча жаштардын талкуу клубдарын өткөрүү | 2026-жылдын IV кварталы – 2027-жылдын IV кварталы | Мектеп окуучулары гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулук маселелери боюнча өз түшүнүгүн тереңдетти | Агартуумин |
| ||
10.5. ИИО жана адвокатура кызматкерлерин майыптыгы бар аялдар менен кыздарга карата зомбулуктан жана басмырлоодон коргоо жана сактоо өзгөчөлүктөрү боюнча окутуу өткөрүү | 2026–2027-жылдар –жылына 1 жолу | Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин инклюзивдик жана гендердик сезимталдыгы, компетенттүүлүгү жогорулады | ИИМ, Адвакатура, ЭСКММ |
| ||
3-глава. Гендердик басмырлоодон коргоону күчөтүү, зомбулуктун алдын алуу жана калыс сот адилеттигин камсыз кылуу | ||||||
11 | Гендердик басмырлоонун жана гендердик зомбулуктун ар кандай формаларын аныктоо жана жайылышын жана кесепеттерин баалоо, ошондой эле жабыр тарткандардын муктаждыктарын аныктоо
| 11.1. Аялдардын, анын ичинде майыптыгы бар аялдардын жана майыптыгы бар балдардын энелеринин ден соолугуна зомбулуктун тийгизген таасири жөнүндө ДСУнун өлкөлөр аралык изилдөө методологиясы боюнча изилдөө жүргүзүү
| 2027-жыл | Изилденүүчү багыттар боюнча көйгөйлөр аныкталды жана колдонуудагы программаларга жана мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн сунуштар иштелип чыкты | ЭСКММ, ССМ, УСК (макулдашуу боюнча) |
|
11.2. ЧУАга өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн катталбаган нике мамилелеринде турган аялдардын мүлктүк укуктарын жөнгө салуунун укуктук механизмдеринин эл аралык тажрыйбасын изилдөө
| 2026-жылдын IV кварталы – 2027-жылдын IV кварталы | Катталбаган нике мамилелеринде турган аялдардын мүлктүк укуктарын сактоонун эл аралык практикасына сереп салынды жана ЧУАны өзгөртүү боюнча сунуштар иштелип чыкты | ЮЖК, Акыйкатчы Адвокатура, (макулдашуу боюнча) |
| ||
11.3. Гендердик жана инклюзивдик аспекттерди эске алуу менен психологиялык жардамды/кызматтарды көрсөтүүнү жөнгө салуучу ЧУАга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу | 2026-жылдын IV кварталы – 2027-жылдын IV кварталы | Гендердик жана инклюзивдик аспекттерди эске алуу менен психологиялык жардам көрсөтүүнү жөнгө салуучу ЧУАга өзгөртүүлөр киргизилди | ЭСКММ, КМ, Агартуумин, ССМ, ӨКМ, ИИМ
|
| ||
11.4. Майыптыгы бар аялдардын жана кыздардын, майыптыгы бар балдардын энелеринин, майыптыгы бар эркектердин, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандардын укуктарын сактоонун, ошондой эле репродуктивдик, мүлктүк жана эмгектик укуктарды сактоонун укук колдонуу практикасына мониторинг жүргүзүү | 2026-жылдын IV кварталы – 2027-жылдын IV кварталы | Майыптыгы бар аялдардын жана кыздардын, майыптыгы бар балдардын энелеринин, майыптыгы бар эркектердин укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүлдү, ошондой эле бузуулар аныкталды жана аларды четтетүү боюнча сунуштар иштелип чыкты | Акыйкатчы (макулдашуу боюнча), ЭСКММ
|
| ||
12 | Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо чөйрөсүндөгү укук колдонуу практикасын системалуу талдоону киргизүү, ошондой эле инклюзивдик аспекттерди эске алган натыйжалуу мыйзамдык жана башкаруучулук чараларды иштеп чыгуу | 12.1. Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, чара көрүү жана жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү үчүн субъекттердин өз ара аракеттенүүсү боюнча ЧУА жана нускамаларды кайра иштеп чыгуу | 2026-жылдын IV кварталы – 2027-жылдын IV кварталы | Өз ара аракеттенүүчү субъекттердин ЧУА жана нускамалары бекитилди | ЭСКММ, ССМ, ИИМ, Агартуумин, КРП облустардагы ЫУӨ, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) |
|
12.2. Жергиликтүү деңгээлде ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жөнүндө типтүү жобону жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандарга жардам көрсөтүүнүн типтүү программасын иштеп чыгуу жана бекитүү
| 2026-жылдын IV кварталы – 2027-жылдын IV кварталы | Ведомстволук актылар иштелип чыкты жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жөнүндө жобо жана жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү программасы бекитилди | ЭСКММ, КРП облустардагы ЫУӨ, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) |
| ||
12.3. Пилоттук облустарда ЖМА жана ЖӨБО тарабынан үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын укук колдонуу практикасына мониторинг жүргүзүү | 2026-жылдын IV кварталы – 2027-жылдын IV кварталы | ЖМА жана ЖӨБО тарабынан үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды ишке ашырууда көйгөйлөр аныкталды | Акыйкатчы (макулдашуу боюнча), ЭСКММ, КРП облустардагы ЫУӨ, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) |
| ||
12.4. ИИБдин үй-бүлөлүк зомбулук, анын ичинде тобокелдиктерди баалоо, УКО берүү жана контролдоо, түзөтүүчү программалардан өтүү жөнүндө иштери боюнча укук колдонуу практикасына мониторинг жүргүзүү | 2026-жыл
| Мониторингдин натыйжалары боюнча сунуштар иштелип чыкты | ИИМ |
| ||
12.5. 2026–2027-жылдар үчүн үй‑бүлөлүк зомбулукка, анын ичинде майыптыгы бар адамдарга карата зомбулукка байланышкан кылмыш иштерин жана укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча соттук практиканы жалпылоо | 2027-жыл
| Соттордун укук колдонуу практикасындагы көйгөйлөр аныкталды жана сот органдары тарабынан ченемдерди бир түрдүү колдонууну камсыз кылуу үчүн түшүндүрмөлөр даярдалды | ЖС (макулдашуу боюнча) |
| ||
12.6. 2026–2027-жылдар үчүн балдардын, анын ичинде майыптыгы бар балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого байланышкан жарандык иштерди (ата-энелери бөлөк жашаган учурда балдардын жашаган жерин аныктоо, балдарды багууга алименттерди өндүрүү, прокурорлордун жана балдардын кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын доолору) кароонун соттук практикасын жалпылоо | 2027-жыл
| Соттордун укук колдонуу практикасындагы көйгөйлөр аныкталды жана сот органдары тарабынан ченемдерди бир түрдүү колдонууну камсыз кылуу үчүн түшүндүрмөлөр даярдалды | ЖС (макулдашуу боюнча) |
| ||
12.7. 2026–2027-жылдарда аялдардын, анын ичинде майыптыгы бар аялдардын жана эркектердин, ошондой эле майыптыгы бар балдары бар үй-бүлөлөрдүн мыйзам тарабынан корголгон укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого байланышкан жарандык иштерди кароо боюнча соттук практиканы жалпылоону жүргүзүү | 2027-жыл
| Соттордун укук колдонуу практикасындагы көйгөйлөр аныкталды жана сот органдары тарабынан бир түрдүү колдонуу үчүн түшүндүрмөлөр даярдалды
| ЖС (макулдашуу боюнча) |
| ||
12.8. Гендердик-инклюзивдик аспекттерди эске алуу менен гендердик зомбулук жана жарандык иштер менен байланышкан кылмыш иштерин кароонун соттук практикасынын маселелери боюнча жетектөөчү түшүндүрмөлөрдү иштеп чыгуу
| 2027-жыл
| Гендердик жана инклюзивдик сезимталдыкты эске алуу менен Соттук практика боюнча пленумдун токтому кабыл алынды, ушул категориядагы кылмыш жана жарандык иштерди кароодо бирдиктүү соттук практика иштелип чыкты | ЖС (макулдашуу боюнча) |
| ||
12.9. Үй-бүлөлүк зомбулук чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышына прокурордук көзөмөлдү уюштуруу жөнүндө практикалык колдонмону иштеп чыгуу жана бекитүү | 2026-жылдын IV кварталы – 2027-жылдын IV кварталы | Практикалык колдонмо бекитилди жана прокуратура органдары тарабынан иштин жүрүшүндө колдонулат
| БП |
| ||
12.10. Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдар үчүн түзөтүү программасынын методологиясын апробациялоо жана жеткире иштеп чыгуу (зарыл болсо) | 2026-жылдын IV кварталы – 2027-жылдын IV кварталы | Түзөтүү программасынын методологиясы апробацияланды жана жаңыртылды | ЖАМК |
| ||
12.11. Пробация органдарынын жана Жазаларды аткаруу кызматынын адистеринин үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдар үчүн коррекциялык программаларды киргизүү боюнча потенциалын жогорулатуу
| 2026-жылдын IV кварталы – 2027-жылдын IV кварталы | Кеминде 80 адис даярдалды | ЖАМК, ПД |
| ||
12.12. Түзөтүү программаларын ишке ашыруу жана алардын натыйжалуулугун жана үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдарга тийгизген таасирин баалоо боюнча пробация органдарынын жана Жазаларды аткаруу кызматынын практикасына талдоо жүргүзүү
| 2026-жылдын IV кварталы – 2027-жылдын IV кварталы | Пробация органдарынын ишиндеги көйгөйлөр, ошондой эле ЧУАлардагы жана пробация органдарынын ишин регламенттөөчү ведомстволук актылардагы коллизиялар жана кенемтелер аныкталды, ЧУАны колдонууну өркүндөтүү боюнча сунуштар даярдалды | ЖАМК, ПД
|
| ||
13 | Эмгек чөйрөсүндөгү зомбулукту жана ыдык көрсөтүүлөрдү болтурбоо жана четтетүү үчүн КР мыйзамдарын ЭЭУ № 190 Конвенциясына шайкеш келтирүү
| 13.1. Эмгек чөйрөсүндө зомбулукту жана ыдык көрсөтүүнү болтурбоого жана четтетүүгө карата инклюзивдик, комплекстүү жана гендердик-сезимталдык мамилени эске алган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө ЧУАны иштеп чыгуу | 2026-жылдын IV кварталы – 2027-жылдын IV кварталы | Ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү. ЧУА иштелип чыкты жана бекитилди | ЭСКММ, Омбудсмен (макулдашуу боюнча) |
|
13.2. Уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан уюмдар үчүн эмгек чөйрөсүндө зомбулукту жана ыдык көрсөтүүнү болтурбоо жана четтетүү боюнча типтүү нускаманы иштеп чыгуу жана бекитүү | 2026-жыл | Типтүү нускама иштелип чыкты жана бекитилди | ЭСКММ, Агартуумин, Омбудсмен (макулдашуу боюнча) |
| ||
13.3. Эмгек чөйрөсүндө зомбулукту жана ыдык көрсөтүүлөрдү болтурбоо жана четтетүү боюнча типтүү нускаманы ишке ашыруу | 2027-жыл
| Эмгек чөйрөсүндө зомбулук жана ыдык көрсөтүү көрүнүштөрүнүн алдын алууга багытталган чаралар киргизилди | ЭСКММ |
| ||
14
| Инклюзивдик мамилени, жабыр тарткандардын муктаждыктары-нын ар түрдүүлүгүн жана алар менен өз ара аракеттенүүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен гендердик басмырлоо жана кылмыш фактыларын териштирүү боюнча укук колдонуу практикасына талдоо жүргүзүү | |||||