Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 15-январы № 7-т
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 285-т тескемесинин редациясына ылайык)
Мамлекеттик менчикти натыйжалуу башкаруу, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды материалдык-техникалык камсыз кылууну жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. "Кыргызсуудолбоор" ачык акционердик коомуна Бишкек шаары, Саманчин көчөсү, 6 дарегинде жайгашкан төмөнкү мүлктү белгиленген тартипте мамлекеттик менчикке акысыз негизде өткөрүп берүү сунушталсын:
1) жалпы аянты 4023 кв.м, идентификациялык коду 1-04-10-0030-0072-01-005 болгон имараттын бөлүгүн, анын ичинен:
- жер төлө - 974,4 кв.м;
- 1-кабат - 1019,3 кв.м;
- 2-кабат - 1009,9 кв.м;
- 3-кабат - 1019,4 кв.м;
2) жалпы аянты 0,592 га, идентификациялык коддору: 1-04-10-0030-0085, 1-04-10-0030-0136, 1-04-10-0030-0138, 1-04-10-0030-0139, 1-04-10-0030-0140, 1-04-10-0030-0072, 1-04-10-0030-0084, 1-04-10-0030-0137 болгон жанаша жайгашкан жер тилкелерин андагы курулмалары менен.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 285-т тескемесинин редациясына ылайык)
2. "Мамлекеттик бажы инфраструктурасы" ачык акционердик коомуна Бишкек шаары, Совет көчөсү, 1а дарегинде жайгашкан имаратты ага жанаша жайгашкан жалпы аянты 11703,0 кв.м, жалпы идентификациялык коду 1-03-22-1001-3493 жер тилкеси менен белгиленген тартипте мамлекеттик менчикке акысыз негизде өткөрүп берүү сунушталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик:
- ушул тескеменин 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн кыймылсыз мүлк объекттерин белгиленген тартипте мамлекеттик менчикке кабыл алсын;
- ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн кыймылсыз мүлк объекттерин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматына өткөрүп берсин;
- Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин үлүшүн көбөйтүү эсебине "Кыргызсуудолбоор" ачык акционердик коомунун уставдык капиталына салым катары киргизүү үчүн ушул тескеменин 2-пунктунда көрсөтүлгөн кыймылсыз мүлк объекттерин Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине өткөрүп берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы ушул тескемеден келип чыгуучу чараларды көрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик ушул тескеменин 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн кыймылсыз мүлк объекттерине менчик укуктарын өткөрүп берүүнү белгиленген тартипте кайра каттоону жүргүзсүн.
6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |