БЕШ-ТАШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Беш-Таш айыл аймагынын айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын кезектеги 3 сессиясы
2025-жылдын 14-майы № 27
Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо жөнүндө
(Беш-Таш айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 20-ноябрындагы № 55 токтомунун редакциясына ылайык)
Туристтик тармактын субъектерин мамлекеттик колдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу реконструкциялоого жана өнүктүрүүгө ички жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу үчүн инструменттерди өркүндөтүү жана Кырыз Республикасынын туруистик потенциалын жогорулатуу максатында Беш-Таш айылдык кеңешинин;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Беш-Таш айылдык кеңешинин сессиясында карап жана талкуулап Беш-Таш улуттук парктын Беш-Таш айыл аймагына тиешелүү болгон “Кайнар” участогунун №1483-1484-1485-1486-1494-1495-1942 контурундагы жерди туризмди колдоо максатында жердин багытын которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
(Беш-Таш айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 20-ноябрындагы № 55 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кабыл алынган токтомду көзөмөлгө алып аткаруу жагы Беш-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Мурат Шамилге жүктөлсүн.
Төрага |
| Сатыбек уулу Максат |