Ийри-Суу айылдык кенешинин 2023-жылдын 7-июну № 97 токтомуна ылайык күчүн жоготту
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги ХVI- сессиясы
2023-жылдын 9-марты № 90
Эстебес уулу Бакыттын арызы жөнүндө
Ийри-Суу айылдык кенешинин (VII чакырылышынын) кезектеги ХVI- сессиясынын күн тартибиндеги Эстебес уулу Бакыттын арызын угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык кенеши, токтом кылат
1. Жийде айылынын тургуну Эстебес уулу Бакытка атасынын кашаасынын үстүнөн ашыкча кашаа катары жер тилкеси пайдаланууга берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарба, жайыт, жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун бөлүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Мисиралиевке жүктөлсүн.
Ийри-Суу айылдык кеңешинин төрагасы: |
А. Кыргызбаев |