Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 10-октябры № 606-т
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-февралындагы № 72-т тескемесинин редакциясына ылайык)
Инвесторлорду жана инвестицияларды мамлекеттик колдоо, коргоо, жагымдуу инвестициялык климатты түзүү жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы № 3 "Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Бишкек шаары, Байтик Баатыр көчөсү, 3/11 - Суеркулов көчөсү, 1/3 дарегинде жайгашкан, идентификациялык коду № 1-04-08-0028-0100, мамлекеттин менчигинде турган жалпы аянты 0,8 га жер участогу уставдык капиталды көбөйтүү эсебине "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомуна (мындан ары - "МИК" ААК) өткөрүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик:
- ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогун анда жайгашкан имараттарды жана курулмаларды эсепке албастан баалоо жүргүзсүн;
- акционерлердин кезексиз жалпы чогулушунда жер участогунун баалануучу наркынын суммасына акциялардын кошумча эмиссиясын чыгаруу жолу менен "МИК" ААКтын уставдык капиталын көбөйтүү жөнүндө маселени карасын.
3. "МИК" ААКка Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик менен биргеликте "Экиз Иншаат ве Тижарет" ("Ekiz Insaat ve Ticaret") жоопкерчилиги чектелген коому менен ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогунда турак жана башка жайларды куруу жөнүндө макулдашууну курулушу аяктагандан кийин төмөнкүлөргө өткөрүп берүү шарты менен түзүү сунушталсын:
- 10% турак жайды өзү жасалгалап бүтүрүү үчүн "МИК" ААКтын менчигине;
- жалпы аянты 1200 кв.м медициналык багыттагы жайды оңдоосу жана эмереги менен, медициналык жабдууларсыз мамлекеттин менчигине.
4. «МИК» ААКка төмөнкүлөр сунушталсын:
– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 17-июлундагы № 191 «Кыргыз Республикасынын «Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасын бекитүү жөнүндө» Жарлыгы менен бекитилген «Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасынын алкагында ушул тескеменин 41-пунктуна ылайык саламаттык сактоо системасынын кызматкерлерине жылына 4 % менен турак жайды каржылоону камсыз кылуу;
– ушул тескеменин 3-пунктунун экинчи абзацында көрсөтүлгөн турак жайлардын ордуна саламаттык сактоо системасынын кызматкерлерине Бишкек шаары, Маликов көчөсү, 91 (3-этап); Бишкек шаары, Волков көчөсү, 9а даректери боюнча жайгашкан турак жай комплекстеринен жалпысынан 56 (элүү алты) батир бөлүп берүүнү камсыз кылуу.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 10-октябры № 606-т
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-февралындагы № 72-т, 2026-жылдын 29-июнундагы № 487-т тескемелеринин редакцияларына ылайык)
Инвесторлорду жана инвестицияларды мамлекеттик колдоо, коргоо, жагымдуу инвестициялык климатты түзүү жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы № 3 "Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Бишкек шаары, Байтик Баатыр көчөсү, 3/11 - Суеркулов көчөсү, 1/3 дарегинде жайгашкан, идентификациялык коду № 1-04-08-0028-0100, мамлекеттин менчигинде турган жалпы аянты 0,8 га жер участогу уставдык капиталды көбөйтүү эсебине "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомуна (мындан ары - "МИК" ААК) өткөрүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик:
- ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогун анда жайгашкан имараттарды жана курулмаларды эсепке албастан баалоо жүргүзсүн;
- акционерлердин кезексиз жалпы чогулушунда жер участогунун баалануучу наркынын суммасына акциялардын кошумча эмиссиясын чыгаруу жолу менен "МИК" ААКтын уставдык капиталын көбөйтүү жөнүндө маселени карасын.
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 487-т тескемесине ылайык күчүн жоготту)
31. "МИК" ААКка Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик менен биргеликте курулушу аяктагандан кийин 10% турак жайды өзү жасалгалап бүтүрүү жана жалпы аянты 1200 кв.м, оңдоосу жана эмереги менен медициналык багыттагы жайды медициналык жабдууларсыз "МИК" ААКтын менчигине өткөрүп берүү шартында ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесинде турак жана башка жайларды куруу жөнүндө "Экиз Иншаат ве Тижарет" ("Ekiz Insaat ve Ticaret") жоопкерчилиги чектелген коому менен макулдашуу түзүү сунушталсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 487-т тескемесинин редакциясына ылайык)