Загрузка документа…
2-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-февралындагы № 119 токтомуна)
Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо регламенти
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-июлундагы № 490 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Регламент Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын (мындан ары – Комиссия) иш тартибин, ошондой эле инвестициялык долбоорлорду берүү, кароо, макулдашуу, баалоо жана улуттук инвестициялык долбоорлордун жана мамлекеттик маанидеги долбоорлордун тизмегине (мындан ары – Тизмек) киргизүү тартибин аныктайт.
2. Комиссия Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу консультациялык-кеңеш берүүчү орган болуп саналат жана Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүү үчүн стратегиялык мааниси бар долбоорлорду тандоо, ошондой эле аларды ишке ашыруу үчүн мамлекеттик колдоо чараларын аныктоо максатында өз ишин жүргүзөт.
3. Ушул Регламентте төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
мамлекеттик преференциялар – салык жана бажы жеңилдиктери, айрым төлөмдөрдөн бошотууну, мамлекеттик фонддордон каржылоону жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинде каралган преференцияларды кошо алганда, улуттук жана мамлекеттик инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн көрсөтүлүүчү колдоо чаралары. Преференциялар арыз ээси тарабынан белгиленген милдеттенмелер сакталган учурда берилет жана алар натыйжасыз пайдаланылган учурда мыйзамдарда белгиленген тартипте жокко чыгарылууга тийиш. Тизмекке киргизилген долбоорлор үчүн жер тилкелерине укук Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин негизинде берилет;
арыз ээси – долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн кредиттик жана финансылык ресурстарды жана мамлекеттик колдоону алууга кызыкдар ишкердик субъекттери, уюмдар, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
жооптуу куратор – улуттук инвестициялык долбоор же мамлекеттик маанидеги долбоор статусуна ээ болгон долбоордун ишке ашырылышын коштоону жана координациялоону жүзөгө ашырган аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы;
жеңилдетилген салык салуу – улуттук инвестициялык долбоор же мамлекеттик маанидеги долбоор статусуна ээ болгон долбоорлорду ишке ашыруучу уюмдарга Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген салыктардан бошотууну берүү жана/же салыктардын ставкаларын өзгөртүү;
улуттук инвестициялык долбоорлор – өлкө үчүн маанилүү стратегиялык мааниге ээ инвестициялык долбоорлор, алар төмөнкү багыттарды камтыйт: экспортко багытталгандык, импортту алмаштыруу, энергетика, айыл чарбасы, өнөр жай жана кайра иштетүү, туризм, курулуш, саламаттык сактоо, фармация, соода-логистикалык чөйрө жана жашыл технологиялар;
уюм – менчигинде, чарбалык карамагында же ыкчам башкаруусунда обочолонгон мүлкү бар жана өзүнүн милдеттенмелери боюнча бул мүлк менен жооп берген, өзүнүн атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды жана милдеттерди сатып ала жана жүзөгө ашыра алган жана сотто доогер жана жоопкер боло алган юридикалык жак же жеке ишкер;
долбоор – заманбап технологияларды колдонуу жана жергиликтүү эмгек жана башка ресурстардын катышуусу менен өндүрүштү түзүү, кеңейтүү же модернизациялоо боюнча иш-аракеттерди кошо алганда, уникалдуу продуктуну, кызмат көрсөтүүнү же натыйжаны түзүүгө багытталган капиталдык салымдарды жана (же) башка инвестицияларды жүзөгө ашырууну караган убактылуу, максаттуу багытталган иш-чара;
мамлекеттик маанидеги долбоорлор – мамлекеттик башкаруу, экономика, туризм жана социалдык чөйрө тармагындагы стратегиялык инфраструктуралык объекттерди түзүүгө жана (же) өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин жана (же) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерине ылайык ишке ашырылуучу, эл аралык спорттук, маданий, туристтик жана башка коомдук мааниге ээ иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан, мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан, тартылган каражаттардын эсебинен толугу менен же жарым-жартылай каржылануучу жана (же) мамлекеттик активдер салым катары пайдаланылган долбоорлор болуп саналат;