КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги VIII-сессиясы
2025-жылдын 18-сентябры № 114
Жергиликтүү бюджеттин эркин каражаты эсебинен (Каракол айылдык кеңешинин 06.08.2024-жылдагы № 53 токтому менен) Көпүрө-Базар айылына парк куруу үчүн бөлүнгөн акча каражатынын багытын өзгөртүү жөнүндө
Көпүрө-Базар айылына парк курууга бөлүнгөн акча каржатынын жетишсиздигинен бөлүнгөн акча каражатын айыл аймагынын көйгөйлүү маселелерин чечүүгө каржылоо максатында багытын өзгөртүү жөнүндө бюджеттик комиссиянын долбоорун карап жана талкуулап чыгып, Каракол айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көпүрө-Базар айылына парк курууга жергиликтүү бюджеттин эркин каражат эсебинен бөлүнгөн 4 (төрт) млн сом акча каражатынын багыты бюджеттин аткарылышынын 9 айлык жыйынтыгы менен өзгөртүлүп, айылдын төмөндөгү көйгөйлүү маселелерин чечүүгө жумшалсын. Алар:
- Көпүрө-Базар айылындагы Жаңы-Арык каналын реконструкциялоого,
- таза суунун башкы курулмасын ж.б ремонтко муктаж жерлерин ремонттоо,
- айылдагы таза суу жетпеген көчөлөргө таза суу жеткирүү;
2. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономика, жергиликтүү ѳз алдынча башкарууну ѳнүктүрүү, муниципалдык менчик, инвестиция жана тышкы экономикалык байланыш боюнча тармактык туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| Э. Р. Тилекова |