Загрузка документа…
МАНАС АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
I чакырылыштын 10-(кезексиз) сессия
2025-жылдын 15-декабры № 62
«Мамлекеттик лизинг компаниясы» ачык акционердик коому аркылуу лизинг менен атайын техникаларын сатып алуу жөнүндө
Манас айыл аймагынын инфрастуктурасын жакшыртуу максатында, “Таза Айыл үчүн” муниципалдык ишканасынын техникалык паркын жаңылоо үчүн жана автотехникаларынын жетишсиздигине байланыштуу, атайын техникаларды лизинг менен “ Мамлекеттик лизинг компаниясы ” аркылуу зарыл болгондугу жөнүндө Манас айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу Кулубеков Т.А. маалыматын угуп,Манас айылдык Кенешинин бюджеттик жана жер комиссияларынын 2025-жылдын 12-декабрындагы №4 протоколунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Финансылык ижара келишиминин (лизинг) негизинде “ Мамлекеттик лизинг компаниясы ” ачык акционердик коому аркылуу жалпы баасы 71 000 (жетимиш бир миң ) АКШ доллары (лизинг келишим түзүлгөн датага Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча улуттук валютада эквиваленти), жылдык 11(он бир) пайыз менен, 5(беш) жылдык мөөнөткө төмөнкү автоунааларды алууга макулдук берилсин:
- Вакуумдук ассенизатор SX5185GXWJN461- баасы 46 500( кырк алты миң беш жүз) АКШ доллары;
-Самосвал CA316OP40K2L4EA85 – баасы 24 500 баасы ( жыйырма төрт миң беш жүз) АКШ доллары;
2. Лизингдин жалпы баасынан 20(жыйырма) пайыз өлчөмүндө Манас айыл өкмөтүнүн өздүк салымы 14200 ( он төрт миң жүз) АКШ доллары кошулсун.
3. Өздүк салымдан сырткары, лизингге алынган автоунаалардын бажы жагынан жол-жоболоштуруусу, каттоосу, автоунааларды лизингдин бүткүл мезгилине камсыздандыруусу жана лизингге алынган автотехникаларын өз эсебинен сатып алууга байланышкан башка чыгашалардын акча каражаты каралсын.
4. “ Мамлекеттик лизинг компаниясы ” ачык акционердик коому менен лизинг келишимине жана келишимден келип чыгуучу башка документтерге кол кою укугу Манас айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу Т.А.Кулубековго ыйгарылсын;
5. Бул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Төрайым |
| Р. Момунова |