Загрузка документа…
МАНАС АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
I чакырылыштын 10-(кезексиз) сессия
2025-жылдын 15-декабры № 63
«Республикалык бюджеттен максаттуу трансферттин түшүүсү жөнүндө»
Финансы-экономикалык сектордун башчысынын маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-декабрындагы №1087-т буйругуна ылайык, 2025-жылга карата айыл чарба багытындагы жер салыгынын 4 175,7 миң сом жана жеке жактардан алынуучу транспорт салыгынын 5 301,0 миң сом өлчөмүндөгү республикалык бюджеттен жалпы суммасы 9 476,7 миң сом максаттуу трансферт каралгандыгын эске алып, Манас айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл чарба багытындагы жер салыгынын 4 175,7 миң сом жана транспорт салыгынын 5 301,0 миң сом өлчөмүндөгү республикалык бюджеттен түшкөн 9 476,7 миң сом максаттуу трансферт төмөнкү тартипте бөлүштүрүлсүн:
70629 «Турак жай-коммуналдык чарба» бөлүмү боюнча:
2221-берене «Учурдагы оңдоо иштерине жана мүлккө чыгымдар» 800,0 миң сом;
2215-берене «Башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу»
8 516,7 миң сом.
70491 «Экономикалык чыгымдар» бөлүмү боюнча:
2215-берене «Башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу» 160,0 миң сом.
Жалпысы: 9 476,7 миң сом.
Төрайым |
| Р.К. Момунова |