Загрузка документа…
МАНАС АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
I чакырылыштын 10-(кезексиз) сессия
2025-жылдын 15-декабры № 64
«LONKING CDM856H атайын техникасын Манас айыл өкмөтүнүн балансына алуу жөнүндө»
Манас айыл аймагынын инфрастуктурасын жакшыртуу максатында, “Таза айыл үчүн” муниципалдык ишканасынын техникалык паркын жаңылоо үчүн жана автотехникаларынын жетишсиздигине байланыштуу, атайын техникаларды лизинг менен “ Мамлекеттик лизинг компаниясы ” аркылуу алынган LONKING CDM856H атайын техникасын Манас айыл өкмөтүнүн балансына алуу жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2025-жылы чыгарылган LONKING CDM856H номери 01KG126CL атайын техникасын Манас айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп алууга макулдук берилет.
2. Кабыл алынган атайын техника өз багыты менен пайдаланылсын.
3. Өндүрүштүк зарылчылыкка байланыштуу,техника “Таза айыл үчүн” муниципалдык ишканасына оперативдүү колдонууга өткөрүлүп берилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Манас айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу Т.А.Кулубековго калтырам.
Төрайым |
| Р. Момунова |