Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-майындагы № 334 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-февралындагы N 114 токтомуна)
Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбалык коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан түзүлүүчү сатып алуулар жөнүндө келишимдерди банктык коштоо тартиби жана шарттары тууралуу ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор 1. Ушул Жобого ылайык мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбалык коомдордун, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдорунун (мындан ары - заказчы, заказчылар) сатып алуулар жөнүндө келишимдерин (мындан ары - келишим, келишимдер) банктык коштоо тартиби жана шарттары аныкталат. 2. Банктык коштоо ушул Жобонун 3-главасында көрсөтүлгөн шарттарга ылайык келген келишимдерге карата колдонулат. Заказчылар банктык коштоону өзүнүн ыктыяры боюнча ушул Жобонун 3-главасында белгиленген шарттарга жооп бербеген башка келишимдерге да колдонууга укуктуу. 3. Ушул Жободо колдонулган терминдер жана аныктамалар төмөнкүдөй мааниге ээ: 1) ыйгарым укуктуу банк - мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө келишимдерди банктык коштоого ыйгарым укуктуу банк; 2) банктык коштоого өтүнмө - конкреттүү коштолуучу келишимге банктык коштоо уюштуруу максатында банктык коштоо жөнүндө келишимде белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу банкка заказчы тарабынан берилген жана коштолуучу келишимдин банктык коштоо шарттарын аныктаган банктык коштоонун параметрлерин камтыган өтүнмө; 3) аткаруучу - заказчы менен тиешелүү коштолуучу келишимди түзгөн берүүчү; 4) банктык коштоонун параметрлери - банктык коштоого өтүнмөдө заказчы тарабынан аныкталган айрым эсептерде коштолуучу келишимди ишке ашыруунун катышуучулары жана аткаруучу тарабынан коштолуучу келишимди аткаруунун жүрүшүндө жүзөгө ашырылуучу эсептердин алкагында акча каражаттарынын максаттуу пайдаланылышына мониторингди жана контролдоону камсыз кылуу шарттары; 5) "Банктык коштоонун интерактивдүү отчеттуулугу" сервиси - келишимди банктык коштоо статистикасын чагылдыруу, ошондой эле ыйгарым укуктуу банк тарабынан жеткиликтүүлүгү камсыз кылынуучу отчетторду түзүү үчүн арналган банктык коштоонун санариптик сервиси; 6) коштолуучу келишим - келишимди банктык коштоо жөнүндө шартты камтыган заказчы менен аткаруучунун ортосунда түзүлгөн келишим; 7) контракт - коштолуучу келишимди ишке ашыруунун катышуучусу менен аткаруучунун ортосунда же келишимди ишке ашыруунун катышуучуларынын ортосунда коштолуучу келишимди аткаруу (ишке ашыруу) максатында түзүлгөн келишим; 8) коштолуучу келишимди ишке ашыруунун катышуучулары - коштолуучу келишимди ишке ашыруу максатында тартылган жактар (кошо аткаруучулар, субподрядчылар, субберүүчүлөр), алар банктык коштоонун параметрлерине ылайык өзүнчө эсептерди ачууга милдеттүү. Ушул Жободо колдонулган калган түшүнүктөр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 301 "Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан сатып алууларды уюштуруунун жана ишке ашыруунун типтүү тартибин бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан сатып алууларды уюштуруунун жана ишке ашыруунун типтүү тартибинде (мындан ары - типтүү тартип) аныкталган маанилерде колдонулат. 2-глава. Банктык коштоонун катышуучулары 4. Келишимди банктык коштоонун катышуучулары болуп төмөнкүлөр саналат: 1) заказчы; 2) аткаруучу; 3) коштолуучу келишимди ишке ашыруунун катышуучусу; 4) ыйгарым укуктуу банк; 5) ыйгарым укуктуу орган. 5. Ыйгарым укуктуу орган өзүнүн ыйгарым укуктарын мыйзамдарда белгиленген жоболорго ылайык ишке ашырат, анын ичинде келишимди банктык коштоону, коштолуучу келишимдин типтүү формаларын, контрактты банктык коштоо жөнүндө келишимдин типтүү формасын караган сатып алуу жөнүндө документтерге коюлуучу талаптарды иштеп чыгат, бирок аны менен чектелбейт. 6. Келишимди банктык коштоо заказчы менен түзүлгөн банктык коштоо жөнүндө келишимдин негизинде ыйгарым укуктуу банк тарабынан ишке ашырылат. Ыйгарым укуктуу банк заказчы менен банктык коштоо жөнүндө келишим түзүүгө, коштолуучу келишимдерге карата банктык коштоону камсыз кылууга, ошондой эле ушул Жобого жана банктык коштоо жөнүндө келишимге ылайык коштоочу келишимди ишке ашыруунун катышуучуларына жана аткаруучуга өзүнчө эсептерди ачууга жана жүргүзүүгө милдеттүү. Келишимди банктык коштоо ыйгарым укуктуу банк тарабынан акысыз ишке ашырылат. 7. Ыйгарым укуктуу банк өзүнчө эсепти ачуу жана пайдалануу үчүн аткаруучу (коштолуучу келишимди ишке ашыруунун катышуучулары) менен түзүлгөн келишимде төмөнкүлөрдү белгилейт: өзүнчө эсеп боюнча төлөм документинде аткаруучу (коштолуучу келишимди ишке ашыруунун катышуучулары) көрсөткөн маалыматтарга карата талаптарды; негиздөөчү документтерди кароо үчүн ыйгарым укуктуу банкка берилүүгө тийиш болгон документтердин тизмесин; өзүнчө эсеп боюнча төлөм документтерин кароо тартибин жана мөөнөттөрүн; банктык коштоо параметрлерине ылайык келбеген учурда өзүнчө эсеп боюнча төлөм документин аткаруудан баш тартуу милдетин. 8. Заказчы төмөнкүлөргө милдеттүү: 1) биринчи коштолуучу келишим түзүлгөнгө чейин ар бир ыйгарым укуктуу банк менен банктык коштоо жөнүндө келишим түзүүгө; 2) банктык коштоону колдонуунун тиешелүү шарттарына ылайык келген келишимдерге банктык коштоону колдонууга; 3) сатып алуу жөнүндө документтерге банктык коштоону колдонуу жана заказчынын, аткаруучунун жана банктык коштоонун алкагында коштолуучу келишимди ишке ашырууга катышуучулардын милдеттери жөнүндө маалыматты кошууга; 4) коштолуучу келишимдин долбооруна банктык коштоону колдонууну караган жоболорду киргизүүгө же ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген банктык коштоо жөнүндө жоболор менен коштолуучу келишимдин типтүү формасын колдонууга; 5) коштолуучу келишим түзүлгөн күндөн тартып 7 (жети) жумуш күндүн ичинде банктык коштоо жөнүндө келишимдин шарттарына ылайык аткаруучу тандаган ыйгарым укуктуу банкка банктык коштоого өтүнмө берүү жолу менен аны банктык коштоого өткөрүп берүүгө; 6) коштолуучу келишим боюнча эсептешүүлөр үчүн аткаруучуга ыйгарым укуктуу банкта ачылган өзүнчө эсепти гана пайдаланууга; 7) ушул Жободо жана банктык коштоо жөнүндө келишимде белгиленген башка аракеттерди жасоого жана талаптарды аткарууга. 9. Аткаруучу төмөнкүлөргө милдеттүү: 1) коштолуучу келишим түзүлгөнгө чейин ыйгарым укуктуу банкты тандоого жана өзүнүн тандоосу жөнүндө заказчыга билдирүүгө. Ар бир коштолуучу келишим боюнча аткаруучу бир гана ыйгарым укуктуу банкты тандай алат; 2) тандалган ыйгарым укуктуу банкта өзүнчө эсеп ачууга жана аны түзүүдө коштолуучу келишимде өзүнчө эсептин реквизиттерин көрсөтүүгө; 3) коштолуучу келишим боюнча милдеттенмелерди аткарууга байланыштуу бардык эсептешүүлөрдү, анын ичинде коштолуучу келишимди ишке ашыруунун катышуучулары менен ыйгарым укуктуу банкта ачылган өзүнүн өзүнчө эсебин пайдалануу менен ишке ашырууга; 4) контракттарда коштолуучу келишимди ишке ашырууга катышуучулардын өзүнчө эсеп ачуу жана контракттар боюнча милдеттенмелерди аткаруунун алкагында эсептешүүлөрдү аткаруучунун өзүнчө эсеби ачылган ошол эле ыйгарым укуктуу банкта ачылган өзүнчө эсепти пайдалануу менен гана ишке ашыруу жөнүндө милдеттенмелерин аныктоого; 5) өзүнчө эсеп боюнча төлөм документтерин түзүү үчүн негиз болуп саналган документтерди ыйгарым укуктуу банкка берүүгө; 6) өзүнчө эсеп ачуу жана пайдалануу үчүн ыйгарым укуктуу банк менен түзүлгөн келишимдин жоболорунда белгиленген башка аракеттерди жасоого жана талаптарды аткарууга. 10. Коштолуучу келишимди ишке ашыруунун катышуучулары төмөнкүлөргө милдеттүү: 1) коштолуучу келишим боюнча аткаруучуга өзүнчө эсеп ачылган ошол эле ыйгарым укуктуу банкта өзүнчө эсеп ачууга жана контракт боюнча эсептешүүлөрдү ишке ашыруу үчүн тиешелүү контрактта өзүнчө эсептин реквизиттерин көрсөтүүгө; 2) өзүнүн өзүнчө эсебин пайдалануу менен контракттар боюнча милдеттенмелерди аткарууга байланыштуу бардык эсептешүүлөрдү ишке ашырууга; 3) контракттарда алар тарабынан өзүнчө эсептерди ачуу жана контракттар боюнча милдеттенмелерди аткаруунун алкагында, эсептешүүлөрдү аткаруучунун өзүнчө эсеби ачылган ошол эле ыйгарым укуктуу банкта ачылган өзүнчө эсептерди пайдалануу менен гана ишке ашыруу жөнүндө коштолуучу келишимди ишке ашыруунун башка катышуучуларынын милдеттенмелерин аныктоого; 4) өзүнчө эсеп боюнча төлөм документтерин түзүү үчүн негиз болуп саналган документтерди ыйгарым укуктуу банкка берүүгө; 5) өзүнчө эсеп ачуу жана пайдалануу үчүн ыйгарым укуктуу банк менен түзүлгөн келишимдин жоболорунда белгиленген башка аракеттерди жасоого жана талаптарды аткарууга. |