Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 17-июлу № 615-т
2024-жылдын 20-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен "Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жол компаниясы" жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы Кыргыз Республикасында Торугарт - Жалал-Абад темир жолун долбоорлоо, куруу, каржылоо, эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө боюнча инвестициялык макулдашууну ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. "Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жолу долбоорун ишке ашыруунун алкагында кошумча нарк салыгынан бошотулууга тийиш болгон берүүчүлөрдүн тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Тизмекке киргизилген берүүлөрдү контролдоону жана эсепке алууну жүргүзсүн.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 17-июлу № 615-т
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-февралындагы № 63-т тескемесинин редациясына ылайык)