Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 31-июлундагы № 586-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2026-жылдын 19-февралы  № 94-т

Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунда «БУЛАН+» апарт-отелин жана «Montbulak Resort» беш жылдыздуу курорттук-көңүл ачуу комплексин куруу боюнча инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «РИНЭК» башкаруучу компаниясы» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунда «БУЛАН+» апарт-отелин жана «Montbulak Resort» беш жылдыздуу курорттук-көңүл ачуу комплексин куруу боюнча инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө жогоруда көрсөтүлгөн Инвестициялык макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.А. Касымалиев