Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
|
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-январындагы № 27 токтому менен бекитилди) |
Программалык негизде бюджеттерди түзүү, кароо жана аткаруу боюнча
НУСКАМА
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-сентябрындагы № 617 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Уюштуруу маселелери жана мөөнөттөрү
3-глава. Программалык бюджеттин ресурстук бөлүгү
4-глава. Бюджетти программалык негизде түзүү
§ 1. БКБТнын стратегиялык максатын жана милдеттерин аныктоо
§ 2. Бюджеттик программаларды аныктоо
§ 3. Бюджеттик чакан программаларды аныктоо
§ 4. Бюджеттик программалардын жана чакан программалардын наркын аныктоо
§ 5. Натыйжалуулук көрсөткүчтөрүн аныктоо
§ 6. Бюджеттик программаларды жана чакан программаларды кодификациялоо
5-глава. Бюджеттерди программалык негизде кароо тартиби
6-глава. Программалык бюджетти аткаруу тартиби
7-глава. Бюджеттик программаларды администрациялоо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул нускама Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 84, 85-беренелерине ылайык иштелип чыкты жана улуттук стратегиянын артыкчылыктарын жана туруктуу өнүктүрүү максаттарын (мындан ары - ТӨМ) эске алуу менен Кыргыз Республикасында программалык негизде бюджеттерди түзүүнүн, кароонун жана аткаруунун принциптерин, тартибин аныктайт, ошондой эле бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрүнө (мындан ары - БКБТ) жайылтылат.
2. Программалык бюджеттөөнүн принциптери:
1) стратегиялык багыт - бюджеттик программалар улуттук стратегиянын узак мөөнөттүү багыттарын жана ТӨМ милдеттерин эске алуу менен түзүлөт;
2) натыйжалуулук - бюджеттик программалар өлчөнүүчү натыйжаларга багытталууга тийиш;
3) каржылоонун ийкемдүүлүгү - финансылык тартип сакталган учурда каражаттар бюджеттик программалардын ортосунда кайра бөлүштүрүлүшү мүмкүн;
4) ачык-айкындуулук жана отчеттуулук - ачык маалыматтар жана бюджеттик программаларды баалоо.
3. Бул нускама төмөнкүлөрдү белгилейт:
1) программалык негизде бюджеттердин долбоорлорун (мындан ары - БКБТ программалык бюджеттери) түзүү жана кароо тартибин;
2) БКБТ программалык бюджеттерин аткаруу тартибин;
3) бюджеттик программалардын жана чакан программалардын натыйжалуулук көрсөткүчтөрүн аныктоого карата талаптарды.
4. Бул нускама Бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрүнүн тизмеги менен аныкталуучу программалык негиздеги бюджеттик чыгымдардын орто мөөнөттүү стратегиясын жана бюджеттерди берүүчү бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрүнө гана колдонулат.
Тизмекте көрсөтүлгөн бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрү программалык негизде бюджеттерди түзөт, берет, аткарат жана баалоону жүргүзөт, бюджеттик каражаттардын башка башкы тескөөчүлөрү үчүн чыгымдар программалык эмес болуп калат жана белгиленген тартипте чагылдырылат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-сентябрындагы № 617 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Ушул нускамада колдонулуучу негизги түшүнүктөр жана терминдер:
бюджеттик программанын администратору - бюджеттик программаны пландоо жана ишке ашыруу процессин координациялоо үчүн жоопкерчилик тартуучу БКБТнын кызмат адамы;
бюджеттик чакан программа - бюджеттик программаны ишке ашырууга түздөн-түз өбөлгө түзүүчү иштин түрлөрүн (иш-чараларды, инвестициялык долбоорлорду, туруктуу аткарылуучу функцияларды, үзгүлтүксүз сатып алууларды) билдирген бюджеттик программанын курамдык бөлүгү;
бюджеттик программа - бюджеттик каражаттар менен камсыз кылынуучу улуттук стратегиянын жана/же стратегиялык/программалык өнүктүрүүнүн документтеринин максаттары жана/же мамлекеттик башкаруунун функциялары менен байланышкан натыйжаларга жетүүгө багытталган өз ара байланышкан чакан программалардын комплекси. Бюджеттик программа сектордун/тармактын милдеттеринин бирин аткарууга багытталат;
натыйжалуулук көрсөткүчтөрү - пландалган натыйжаларга жетүү даражасын же тармактын/сектордун конкреттүү абалын мүнөздөөчү көрсөткүчтөр. Натыйжалуулук көрсөткүчтөрү тармактын/сектордун максаттарына жетүү үчүн багыттар катары же БКБТнын ишин баалоо критерийлери катары колдонулат;
контролдук цифралар - бюджеттик каражаттардын чектүү көрсөткүчү, анын негизинде бюджеттик мекемелердин чыгашаларын түзүү жүзөгө ашырылат;
программалык структура - бюджеттик программалардын жана аларды түзүүчү бюджеттик чакан программалардын тизмеги;
стратегиялык максат - сектордун/тармактын конкреттүү абалы, ага жетүү коомдук көз караштан алганда зарыл болуп саналат;
ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
ТӨМ - Туруктуу өнүктүрүү максаттары.