Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

1-тиркеме

 

 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-мартындагы № 169 токтомуна)

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борборунун (Суучулдар кызматынын) кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө ЖОБО

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 309, 2026-жылдын 24-августундагы № 571 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

1-глава. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борборунун (Суучулдар кызматынын) кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борборунун (Суучулдар кызматынын) (мындан ары - Борбор) жетекчилерине жана барокамерада, суу алдында иштөөгө тиешелүү уруксаты бар, кызматтык жана башка милдеттерин аткаруу үчүн суу алдына түшүүчү кызматкерлерине карата колдонулат.

2. Борбордун жетекчилеринин жана кызматкерлеринин кызмат маяналары ээлеген кызмат ордуна ылайык жана тарифтик торчонун (мындан ары - ТТ) тарифтик разрядынын негизинде белгиленет.

3. Жетекчилердин жана адистердин ТТнын бир нече разрядынын диапазонунун чегинде тарифтелүүчү эмгек акысынын конкреттүү разряды квалификациялык талаптарга ылайык аттестациянын жыйынтыгы боюнча белгиленет.

4. Аттестациянын жыйынтыктары Борбордун жетекчисинин буйругу менен бекитилет. Квалификациялык талаптарды Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын эске алуу менен Борбордун жетекчиси бекитет.

2-глава. Борбордун кызматкерлеринин кызмат орундары жана кесиптери боюнча тарифтик торчонун эмгек акы разряддары

5. Квалификациялык талаптарды эске алуу менен белгиленген Борбордун кызматкерлеринин кызмат орундары боюнча тарифтик торчонун эмгек акы разряддары кадрларды жайгаштырууга туура мамиле кылууга, алардын квалификациясын жогорулатууга, ошондой эле Борбордун кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин аныктоодо жана эмгек акынын разряддары боюнча аларга коюлган квалификациялык талаптардын бирдиктүүлүгүн камсыз кылууга өбөлгө түзүүгө багытталган.

6. Жетекчилердин жана адистердин тарифтик разряддары:

1) Борбордун башчысы - 16-19-разряддар.

Квалификацияга карата талаптар: жогорку кесиптик билим (суу транспорту, аскер-деңиз флоту), белгиленген программа боюнча курстук даярдык жана жетекчи кызмат орундарында 3 жылдан кем эмес иш стажы:

- 16-17-разряддар - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (мындан ары - ӨКМ) борбордук аппаратынын башкармалыгынын башчысынын милдеттерин аткарууда 2 жылдан кем эмес;

- 18-19-разряддар - Борбордун башчысынын милдеттерин аткарууда 1-2 жыл;

2) Борбордун башчысынын орун басары - 15-разряд.

Квалификацияга карата талаптар: жогорку кесиптик билим (суу транспорту, аскердик-деңиз флоту), белгиленген программа боюнча курстук даярдык жана жетекчилик кызматтарда 2 жылдан кем эмес иш стажы, анын ичинде ӨКМ системасында же ушул сыяктуу түзүмдөрдө иштөө тажрыйбасы, Борбордун иш багыты боюнча иш стажы - 1 жылдан кем эмес;

3) башкы бухгалтер - 14-разряд.