Сравнение редакций…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-июнундагы № 349 токтомуна)
"Бирдиктүү терезе" принциби боюнча тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн электрондук уруксат жана башка документтерди берүү тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн электрондук уруксат жана башка документтерди берүү тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Улуттук контролдук тизмеге жана бирдиктүү терезе" принциби боюнча үчүнчү өлкөлөр менен соодада тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары колдонулган Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген товарларды экспорттоого/импорттоого/транзиттөөгө электрондук уруксат жана башка документтерди (лицензия/корутунду/уруксат), ошондой эле идентификациялык корутунду жана түшүндүрмөлөрдү берүү тартибин аныктайт.
2. Өзгөчө товарларды жана кош багыттагы продукцияны экспорттоону/импорттоону/транзиттөөнү лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Евразия экономикалык бирлигинин лицензиялоо чөйрөсүндө укуктарын түзүүчү эл аралык келишимдерге жана актыларга ылайык белгиленет.
3. Электрондук уруксат документин (лицензия/корутунду/уруксат) берүү үчүн негиз болуп "бирдиктүү терезе" принциби боюнча эксперт уюм тарабынан берилген өзгөчө товарларды жана кош багыттагы продукцияны экспорттоого/импорттоого/транзиттөөгө оң эксперттик корутунду саналат.
4. Электрондук уруксат документин (лицензия/корутунду/уруксат), ошондой эле идентификациялык корутунду жана түшүндүрмөлөрдү алуу үчүн талап кылынган документтер, Tulpar System "бирдиктүү терезе" маалыматтык системасында (мындан ары - БТМС) иштөө боюнча нускама Tulpar System "бирдиктүү терезе" маалыматтык системасында (http://swis2.trade.kg) жеткиликтүү болууга тийиш.
5. Электрондук колтамганын болушу эксперт уюмдар, Tulpar System "бирдиктүү терезе" маалыматтык системасынын оператору, лицензиар орган жана тышкы экономикалык иштин катышуучулары үчүн арыздарды, суроо-талаптарды берүүдө, эксперттик корутундуну жана "бирдиктүү терезе" принциби боюнча электрондук документ формасында уруксат документин берүүдө милдеттүү шарт болуп саналат.
6. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) арыз ээси - тышкы экономикалык иштин катышуучусу (мындан ары - ТЭИ катышуучусу), ал БТМС аркылуу же маалыматтык борборго уруксат документин берүүгө арыз берет;
2) арыз - арыз ээси тарабынан тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн ушул Жобого ылайык уруксат жана (же) башка документти алуу максатында БТМС оператору аркылуу берилүүчү жана/же БТМС эсептик жазуусу аркылуу арыз ээсинин электрондук колтамгасы коюлган кагаз жүзүндөгү же электрондук формасындагы документ;
3) Tulpar System "бирдиктүү терезе" маалыматтык системасы - тышкы экономикалык иш чөйрөсүндө электрондук өз ара аракеттенүүнүн катышуучулары тарабынан электрондук документтерди түзүү, иштеп чыгуу, берүү, кабыл алуу, сактоо, бүтүндүгүн текшерүү үчүн колдонулуучу программалык, программалык-аппараттык жана аппараттык каражаттардын, методдордун жана жол-жоболордун комплекси;
4) идентификациялык корутунду - объекттин талаптарга шайкештигин (шайкешсиздигин) жана экспорттук контролдоо жол-жоболорун колдонуу (колдонбоо) зарылдыгы жөнүндө эксперттик уюм тарабынан берилген документ;
5) БТМС оператору - сервис-борбордо иштеген, уруксат документин алууга арыздарды кабыл алуу жана каттоо, электрондук арызды түзүү жана кол коюлган уруксат документин кагаз форматында берүү функцияларын ишке ашыруучу Tulpar System "бирдиктүү терезе" маалыматтык системасынын ыйгарым укуктуу кызматкери;
6) уюм - контролдонуучу продукцияны идентификациялоо боюнча иш жүргүзүү каалоосун билдирген юридикалык жак;
7) эксперт уюм - эксперттик корутунду берүүгө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечими менен аныкталган уруксат документин (лицензия/корутунду/уруксат) берүү жөнүндө чечимди макулдашуучу мамлекеттик орган;
8) лицензиар орган - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечими менен лицензиар катары аныкталган жана Үчүнчү өлкөлөр менен соодада тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары колдонулган товарлардын бирдиктүү тизмегине жана Контролдонуучу продукциясынын улуттук контролдук тизмесине киргизилген товарларды экспорттоого/импорттоого/транзиттөөгө электрондук уруксат документин (лицензия/корутунду/уруксат), ошондой эле түшүндүрмө берүүчү, өзгөчө товарларды экспорттоону жана импорттоону лицензиялоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
9) эксперттик корутундуну берүүдөн баш тартуу - уруксат документин алууга берилген документтерди кароонун жыйынтыгы боюнча эксперт уюм тарабынан берилүүчү өзгөчө товарларды жана кош багыттагы продукцияны экспорттоого/импортоого/транзиттөөгө эксперттик корутунду берүүдөн баш тартуу үчүн негиздер көрсөтүлгөн кагаз жүзүндөгү же электрондук документ формасындагы документ;
10) оң эксперттик корутунду - эксперттик корутундуну алууга берилген документтерди кароонун жыйынтыгы боюнча эксперт уюм тарабынан берилүүчү, Үчүнчү өлкөлөр менен соодада тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары колдонулган товарлардын бирдиктүү тизмегине жана Контролдонуучу продукциянын улуттук контролдук тизмесине киргизилген товарларды экспорттоонун/импорттоонун/транзиттөөнүн мүмкүнчүлүктөрү жана максатка ылайыктуулугу жөнүндө кагаз жүзүндөгү же электрондук документ формасындагы документ;
11) кагаз жүзүндөгү уруксат документи - арыз ээсинин жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде лицензиар орган тарабынан берилүүчү, атайын кагаз жүзүндөгү бланкта даярдалган өзгөчө товарларды жана кош багыттагы продукцияларды экспорттоого/импорттоого/транзиттөөгө басып чыгарылган жана кол коюлган электрондук уруксат документи (лицензия/корутунду/уруксат), ошондой эле идентификациялык корутунду жана түшүндүрмө;
12) түшүндүрмө - арыз ээсинин жазуу жүзүндөгү же электрондук кайрылуусунун негизинде лицензиар орган тарабынан берилүүчү өзгөчө товарларды экспорттоого/импорттоого/транзиттөөгө кагаз жүзүндөгү же электрондук документ формасындагы суралган товардын Контролдонуучу продукциянын улуттук контролдук тизмесине киргизилген контролдонуучу продукция менен шайкештиги (шайкеш эместиги) жөнүндө кат;
13) сервис-борбор - уруксат документин алууга арыздарды кабыл алуу жана каттоо, электрондук арызды түзүү жана кол коюлган уруксат документин кагаз форматында берүү функцияларын аткаруучу "Бирдиктүү терезе" борборунун түзүмдүк бөлүмү;
14) кабарлоо каражаттары - БТМС кабарлоо каражаттары, алар аркылуу арызды, суроо-талапты берүү, эксперттик корутундуну жана уруксат документин берүү жөнүндө арыз ээсине жана эксперт уюмга, лицензиарга маалымдоо жүргүзүлөт, аларга төмөнкүлөр кирет: процесстин катышуучуларынын мобилдик телефондоруна СМС-билдирүүлөрдү жана/же электрондук почтасына билдирүүлөрдү жөнөтүү;
15) "Бирдиктүү терезе" борбору - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "бирдиктүү терезе" борбору мамлекеттик ишканасы;
16) лицензиар органдын эксперти - өзгөчө товарларды экспорттоону жана импорттоону лицензиялоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксат документин берүү же уруксат документин берүүдөн баш тартуу маселелери боюнча функцияны аткаруучу түзүмдүк бөлүмдүн кызматкери;
17) эксперт уюмдун эксперти - оң/терс эксперттик корутундуну берүү маселелери боюнча функцияны аткаруучу эксперт уюмдун түзүмдүк бөлүмүнүн кызматкери;
18) товарды идентификациялоонун натыйжалары боюнча эксперттик корутунду - уруксат документин же түшүндүрмөнү алууга берилген документтерди кароонун жыйынтыгы боюнча эксперт уюм тарабынан берилүүчү, Үчүнчү өлкөлөр менен соодада тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары колдонулган товарлардын бирдиктүү тизмегине жана Контролдонуучу продукциянын улуттук контролдук тизмесине киргизилген товарларды экспорттоого/импорттоого/транзиттөөгө уруксат документтерисиз товарды тариздөө мүмкүнчүлүгүн ырастаган кагаз жүзүндөгү же электрондук документ формасындагы документ;
19) электрондук колтамга - "Электрондук колтамга жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык түзүлүүчү күчөтүлгөн квалификацияланган электрондук кол тамга;
20) электрондук уруксат документи - өзгөчө товарларды жана кош багыттагы продукцияны экспорттоого/импорттоого/транзиттөөгө берилген лицензиялар, корутундулар, уруксаттар, ошондой эле идентификациялык корутундулар жана түшүндүрмөлөр жөнүндө электрондук формада, башкача айтканда электрондук эсептөө машиналарын пайдалануу менен адамдын кабыл алуусу үчүн жарактуу түрдө берилген, аны документ катары идентификациялоо үчүн атрибуттары бар документтештирилген маалымат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-июнундагы № 349 токтомуна)
"Бирдиктүү терезе" принциби боюнча тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн электрондук уруксат жана башка документтерди берүү тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-мартындагы № 204 токтомунун редакциясына ылайык)