КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 1-апрели № 212
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу
Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу
академиясынын кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттары жана штаттык санынын чеги жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 286 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 24-ноябрындагы № 327 «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) 7 040 сом өлчөмүндөгү минималдуу базалык ставка Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын (мындан ары – Академия) кызматкерлеринин эмгек акысынын ставкаларын жана тарифтик ставкасын (маянасын) эсептөө үчүн негиз болуп саналат;
2) Академиянын кызматкерлеринин эмгек акысынын ставкасы жана тарифтик ставкасы (маянасы) минималдуу базалык ставканын (7 040 сом) өлчөмүн кызматтык маяналарга жана ставкаларга эселөө коэффициентине көбөйтүү жолу менен эсептелет;
3) президенттик компенсациялык төлөм Академиянын төмөнкү категорияларга кирген кызматкерлерине төлөнөт:
– административдик-башкаруучу жана профессордук-окутуучулук курамга – 15 000 сом өлчөмүндө;
– техникалык жана кенже персоналга – 5 000 сом өлчөмүндө (бир ставкадан көп эмес).
Президенттик компенсациялык төлөм Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жашаган жана иштеген Академиянын кызматкерлеринин эмгек өргүүсүн жана эмгек акысына кошумча төлөмдөрдү эсептөөдө эске алынбайт, иш жүзүндө иштеген убактысы үчүн жүргүзүлөт (кызматтык иш сапар, өргүү күндөрү, убактылуу эмгекке жарамсыздык күндөрү, дем алышта иштеген күндөрү кошулбайт);
4) педагогикалык иш стажы, окумуштуулук даражасы, ардак наамдары, бийик тоолуу жана алыскы шарттарда иштегендиги, ошондой эле иштин өзгөчө шарттары үчүн кошумча төлөмдөр жана үстөктөр Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик укуктук актылары менен аныкталат;
5) атайын эсептин каражаттарынын эсебинен каржылануучу Академиянын кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттары Академия тарабынан аныкталат.
Академиянын атайын эсептин каражаттарынын эсебинен каржылануучу кызматкерлеринин кызматтык маяналарына жана ставкаларына эселөө коэффициенттери, ошондой эле эмгек акыны саатына төлөөнүн өлчөмдөрү Академиянын тиешелүү кызмат орду боюнча бюджеттик эсептин каражаттарынын эсебинен каржыланган кызматкерлеринин кызматтык маяналарына, ставкаларына эселөө коэффициенттеринен жана эмгек акыны саатына төлөөнүн өлчөмдөрүнөн төмөн болбоого тийиш;