КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-февралындагы № 59-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 1-сентябры № 748-т
Жалпы республикалык маанидеги мамлекеттик программаларды жана милдеттерди ишке ашыруу, социалдык маанилүү долбоорлорго жана демилгелерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 "Мамлекеттик мүлктү ижарага, чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тартибин регламенттөөчү маселелер жөнүндө" токтому менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобого, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Объекттерди башкаруу боюнча дирекция" мамлекеттик ишканасы белгиленген тартипте:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Объекттерди башкаруу боюнча дирекция" мамлекеттик ишканасынын балансында турган, Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү, 249 дарегинде жайгашкан (идентификациялык коду: 1-02-04-0060-0126-01-003), жалпы аянты 81,1 кв.м болгон жайды коммуналдык кызматтарды жана аны күтүү боюнча чыгымдарды төлөө менен "Кыргызстандагы чет өлкөлөр менен достук жана кызматташтык байланыштык коомдук бирикмелеринин союзу" коомдук бирикмесине келишимди түзүү шарты менен 15 жылдык мөөнөткө акысыз убактылуу пайдаланууга берсин;
2) ушул тескемеден келип чыгуучу чараларды көрсүн.
2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |