Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2016-жылдын 26-январы № 25
"Айыл чарбаны каржылоо - 4"
долбоорун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ишкер субъекттерине жана жеке жактарына 2016-жылдын жазгы талаа жумуштарын өз убагында жүргүзүүгө жана мал чарбачылыгын, өсүмдүк өстүрүүчүлүктү айыл чарба азыктарын кайра иштетүү секторун жана айыл чарба тармагында кызмат көрсөтүүлөрдү андан ары өнүктүрүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Айыл чарбаны каржылоо - 4" долбоору тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
- "Айыл чарбаны каржылоо - 4" долбоорун ишке ашырууга катышкан коммерциялык банктар жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер менен пайыздык коюмдарды субсидиялоо жөнүндө тиешелүү макулдашууларды түзсүн;
- субсидиянын биринчи траншын Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджетинин каражаттарынан каржыласын;
- ''Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунда субсидиянын экинчи жана үчүнчү траншын төлөө үчүн зарыл болгон каражаттарды караштырсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ченемдик актылары" тиркемесинде 2016-жылдын 31-январында № 1 (502-503) жарыяланды
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А.Сариев |
| Тиркеме |
"Айыл чарбаны каржылоо - 4" долбоору
1. Жалпы жоболор
"Айыл чарбаны каржылоо - 4" долбоорунун (мындан ары - Долбоор) максаты жеткиликтүү жана жеңилдетилген кредиттик каражаттар менен камсыздоо аркылуу республиканын ишкер субъекттерине жана жеке жактарына 2016-жылдын жазгы талаа жумуштарын өз убагында өткөрүү жана мал чарбачылыгын, өсүмдүк өстүрүүчүлүктү, айыл чарба азыктарын кайра иштетүү секторун жана айыл чарба тармагында кызмат көрсөтүүлөрдү андан ары өнүктүрүү үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат.
Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү - 36 ай.
Каржылоонун булактары: Кыргыз Республикасынын 2016-2018-жылдарга республикалык бюджети жана коммерциялык банктардын жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелеринин каражаттары.
Долбоорду ишке ашыруунун башталышы - 2016-жылдын январы.
Жооптуу аткаруучулар: Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Долбоорду ишке ашырууга катышкан коммерциялык банктар жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелери (чакан кредиттик компаниялар, чакан каржылоо компаниялары ж.б.).
Долбоордун баяндамасы. Долбоордун алкагында 2016-жылдын ичинде өсүмдүк өстүрүүчүлүктү, мал чарбачылыгын, айыл чарба азыктарын кайра иштетүүнү жана айыл чарба тармагында кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү үчүн коммерциялык банктардын жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелеринин финансы каражаттары республиканын ишкер субъекттерине жана жеке жактарына жеңилдетилген пайыздык коюмдар менен берилет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2016-2018-жылдарга республикалык бюджеттин каражаттарынан жеңилдетилген пайыздык коюмдар боюнча кредиттерди жайгаштыруу үчүн коммерциялык банктардын жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелеринин чыгымдарын субсидиялайт.
Коммерциялык банктар жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер мурда алынган кредиттик каражаттардын максаттуу тармагы "Айыл чарбаны каржылоо - 4" долбоорунун максаттарына туура келген учурда заемчулардын карызын, анын ичинде башка банктарда жана/же адистештирилген финансы-кредиттик мекемелеринде болгон карыздарын кайра каржылоого укуктуу, мында кайра каржылоого багытталган суммасы каржылоонун жалпы суммасынан 10 пайыздан ашпашы керек.
Ушул Долбоордун алкагында кредит алуунун милдеттүү түрдө аткарылуучу шарты болуп заемчулардын банктардан жана/же адистештирилген финансы-кредиттик мекемелеринен алган кредиттери боюнча терс кредиттик таржымалы жана төлөө мөөнөтү өтүп кеткен карыздардын жоктугу, салыктар жана башка милдеттүү чегерүүлөр боюнча төлөө мөөнөтү өтүп кеткен карыздардын жоктугу, ошондой эле продукция чыгарууну кеңейтүү/көбөйтүү жана салыктар боюнча чегерүүлөрдүн көлөмүн көбөйтүү боюнча мүмкүнчүлүктөрдүн болушу саналат.
Долбоорго катышкан коммерциялык банктар жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер, заемчуларга төмөнкүдөй негизги жалпы шарттарда кредит берүүгө милдеттүү:
Максаттуу тармак | Өсүмдүк өстүрүүчүлүк, мал чарбачылык, айыл чарба азыктарын кайра иштетүү жана айыл чарба тармагында кызмат көрсөтүү |
Аяккы пайыздык коюм | жылына 10 пайыз |
Кредиттин мөөнөтү | 36 айдан ашык эмес |
Жеңилдетилген мезгил | 6 айга чейин карыздын негизги суммасы боюнча төгүм төлөөдөн толук бошотуу |
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ