Загрузка документа…
ТӨМӨНКҮ-ЧҮЙ АЙЫЛ КЕҢЕШИ
I- чыгарышлыштын 15-кезектүү сессиясы
2026-жылдын 6-марты № 14
Жеке турак жай куруу үчүн жер участогунун өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-майынын № 177 “Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Токтомуна ылайык, депутаттардын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жеке турак жай куруу үчүн жер участогунун өлчөмү 10 (он) сотых өлчөмүндө бекитилсин.
2. Төмөнкү-Чүй айылдык Кеңештин 2025-жылдын 13-майындагы № 21 Токтом күчүн жоготту деп табылсын.
3. Токтомду каттоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй облустук Юстиция министрлигинин каттоосунан өткөрүлсүн;
4. Бул токтомдун аткарылышын Төмөнкү-Чүй айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
2026-жылдын 24-мартында https://gagsmsu.kg/wp-content/uploads/2026/03/14.pdf расмий сайтында жарыяланды
Төрага | Ж.Ш.Азизов |