Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 240 токтомуна )
Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү уюмдарына кабыл алуу ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү уюмдарына кабыл алуу тартиби (мындан ары - Тартип) кесиптик орто билим берүү программалары боюнча менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан, кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү уюмдарына (мындан ары - билим берүү уюмдары) абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу жол-жобосун аныктайт.
Ушул Тартипте регламенттелбеген маселелер Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык билим берүү уюмдары тарабынан өз алдынча чечилет.
2. Билим берүү уюмдарына Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу же убактылуу жашаган, негизги жалпы билими, жалпы орто билими же болбосо кесиптик башталгыч билими бар Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар кабыл алынат.
Билим берүү уюмдарында тиешелүү адистиктердин тездетилген программалары боюнча окууга тиешелүү профилдеги кесиптик башталгыч билими жөнүндө диплому бар жарандар кабыл алынат. Кесиптик башталгыч билимдин профилинин кесиптик орто билимдин профилине шайкештиги билим берүү уюму тарабынан өз алдынча аныкталат.
3. Кыргыз Республикасынын жарандары мамлекеттик билим берүү стандарттарынын чегинде кесиптик орто билим алуу үчүн конкурстук негизде, эгерде алар бул деңгээлдеги билимди биринчи жолу алып жатса, мамлекеттик билим берүү грантына талапкер болууга укуктуу.
Чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык мамлекеттик билим берүү грантын алууга талапкер боло алат.
4. Билим берүү уюмдарына кабыл алуу конкурстук негизде жүзөгө ашырылат. Билим берүү уюмдарына окуунун бардык формаларына тапшырууда башкы критерийлер болуп абитуриенттин билим деңгээли жана кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү программаларын өздөштүрүүгө жөндөмдүүлүгү саналат.
5. Адистиктер боюнча мамлекеттик билим берүү гранттарынын эсебинен билим берүү уюмдарына кабыл алуу планы жыл сайын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
Окуунун наркын төлөө менен келишимдер боюнча орундарга адистиктер боюнча кабыл алуу планы кабыл алуу жарыяланганга чейин билим берүү уюмдары тарабынан өз алдынча бекитилет.
Билим берүү уюмдары кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү программалары боюнча жарандарды окууга кабыл алууну тиешелүү билим берүү программалары боюнча билим берүү ишин жүзөгө ашыруу укугуна лицензиясы болгондо гана жарыялайт.
6. Билим берүү уюмдарына башка мамлекеттердин жарандарын кабыл алуу Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин, ошондой эле билим берүү уюмдарынын ортосунда же айрым жарандар менен түзүлгөн келишимдердин негизинде жүзөгө ашырылат.
2-глава. Кабыл алууну уюштуруу
7. Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) жыл сайын абитуриенттерди билим берүү уюмдарына тандоо турларын өткөрүү жана кабыл алуу графигин жана тартибин бекитет.
8. Билим берүү уюмунда кабыл алууну уюштуруу үчүн кабыл алуу комиссиясы түзүлөт, төрагасы болуп анын жетекчиси (директору, начальниги) саналат.
9. Кабыл алуу комиссиясынын курамы, ыйгарым укуктары жана иш тартиби билим берүү уюмунун жетекчиси тарабынан бекитилген жобо менен аныкталат. Кабыл алуу комиссиясынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бир жылды түзөт.
10. Кабыл алуу комиссиясынын төрагасы:
- жарандардын билим берүү чөйрөсүндөгү укуктарын сактоону камсыз кылат;
- билим берүү уюмуна кабыл алуу эрежелерин бекитет;
- кабыл алуу, экзамендик жана апелляциялык комиссиялардын мүчөлөрүнүн милдеттерин аныктайт;
- кабыл алуу, экзамендик жана апелляциялык комиссиялар жөнүндө жоболорду, ошондой эле жарандарды кабыл алуу графигин бекитет;
- кабыл алуу, экзамендик жана апелляциялык комиссиялардын ишинин айкындыгын жана ачыктыгын камсыз кылат;
- абитуриенттердин билим деңгээлин жана жөндөмдүүлүгүн баалоонун объективдүүлүгүн камсыз кылат;
- кабыл алуу планын аткаруу, лицензиялык талаптарды сактоо, ошондой эле билим берүү уюмдарына кабыл алууну жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын талаптарын аткаруу үчүн жоопкерчилик тартат.
11. Кабыл алуу комиссиясынын ишин жана иш кагаздарын жүргүзүүнү, ошондой эле абитуриенттерди жана алардын ата-энелерин (мыйзамдуу өкүлдөрүн) жеке кабыл алууну жооптуу катчы уюштурат, ал билим берүү уюмунун жетекчиси тарабынан дайындалат.
12. Билим берүү уюмдары ушул Тартипке каршы келбеген бөлүктө жыл сайын кабыл алуу эрежелерин иштеп чыгат жана бекитет.
Билим берүү уюмдарынын кабыл алуу эрежелеринде төмөнкүлөр аныкталат:
- кирүү сыноолору өткөрүлүүчү предметтердин тизмеги;
- профилдик предметтердин жана адистиктер боюнча кошумча кирүү сыноолорунун тизмеги;
- кирүү сыноолорун өткөрүү формасы жана мөөнөттөрү;
- апелляцияларды кароо тартиби.
13. Абитуриент жана анын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) билим берүү уюмунун уставы, билим берүү ишин жүзөгө ашырууга лицензиясы, аккредитациялоо сертификаттары, билим берүү уюмуна кабыл алуу эрежелери, ошондой эле кирүү сыноолорунун программалары жана кабыл алууга байланышкан башка зарыл болгон маалымат менен таанышууга укуктуу.
Окуунун наркын төлөө менен келишим боюнча орундарга кабыл алууда кабыл алуу комиссиясы абитуриентти жана анын ата-энелерин (мыйзамдуу өкүлдөрүн) тараптардын эрежелери жана милдеттери, окуу үчүн акынын өлчөмү жана төлөө тартиби, төлөө боюнча жеңилдиктерди берүү мүмкүнчүлүгү менен тааныштырууга милдеттүү.
14. Абитуриентти жана анын ата-энесин (мыйзамдуу өкүлдөрүн) жогоруда көрсөтүлгөн маалымат менен тааныштыруу үчүн билим берүү уюму ушул Тартиптин 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди өзүнүн расмий сайтына жайгаштырууга жана (же) маалыматтык стенддерди даярдоого милдеттүү.
15. Кабыл алуу тартиби, кабыл алуу комиссиясынын чечими, кирүү сыноолорун өткөрүү графиги жана кабыл алуунун жыйынтыктары абитуриенттерге өз убагында билдирилүүгө тийиш.