Загрузка документа…
|
| Тиркеме
|
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-апрелиндеги № 254 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын орто жана
жогорку кесиптик медициналык билим берүүнүн
медициналык билим берүү уюмдарын мамлекеттик аккредитациялоодон өткөрүүнүн
тартиби
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-августундагы № 520 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын орто жана жогорку кесиптик медициналык билим берүүнүн медициналык билим берүү уюмдарын мамлекеттик аккредитациялоодон өткөрүүнүн тартиби (мындан ары – Тартип) Кыргыз Республикасынын медициналык жана фармацевтикалык адистиктер боюнча билим берүү программаларын ишке ашыруучу менчигинин түрүнө карабастан орто жана жогорку кесиптик медициналык билим берүүнүн медициналык билим берүү уюмдарын (мындан ары – медициналык билим берүү уюмдары) мамлекеттик аккредитациялоодон өткөрүү жол-жоболорун белгилейт.
Медициналык билим берүү уюмдарын мамлекеттик аккредитациялоо медициналык жана фармацевтикалык билим берүүнүн сапатын, билим берүү программаларынын мамлекеттик билим берүү стандарттарына, саламаттык сактоо системасынын кесиптик талаптарына жана ушул Тартиптин 1, 2, 3, 4-тиркемелеринде аныкталган стандарттарга, талаптарга жана критерийлерге шайкештигин камсыз кылуу максатында жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасында мамлекеттик аккредитациялоо медициналык билим берүүнүн сапатына расмий кепилдик берүүнүн жана билим берүү уюмунун мамлекеттик үлгүдөгү дипломдорду берүүгө жана студенттерди кабыл алууга компетенттүүлүгүн таануунун формасы болуп саналат.
2. Медициналык билим берүү уюмдарын мамлекеттик аккредитациялоодон өткөрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган саналат.
Медициналык билим берүү уюмдары эл аралык деңгээлде таанылуу максатында билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу жаатында эл аралык уюмдар тарабынан таанылган агенттиктерден аккредитациялоодон өтүшү мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин алкагында медициналык жана фармацевтикалык багыттар жана адистиктер боюнча билим берүү программаларын ишке ашыруучу медициналык билим берүү уюмдары орто жана жогорку билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу жаатындагы тиешелүү эл аралык уюмдар жана/же ассоциациялар тарабынан таанылган аккредитациялык агенттиктерде милдеттүү эл аралык аккредитациялоодон өтүүгө тийиш.
3. Медициналык билим берүү уюмунун институттук жана программалык аккредитациялоодон өтүүсү милдеттүү болуп саналат.
Институттук жана программалык аккредитациялоо бир эле учурда жана/же ырааттуу түрдө жүргүзүлөт.
Медициналык адистиктерден тышкары, даярдоо багыттарынын кеңири спектри (үч жана андан ашык багыт боюнча) боюнча программаларды ишке ашыруучу жогорку билим берүү уюмдарына (университеттерге) көз карандысыз аккредитациялык агенттиктерден институттук аккредитациялоодон өтүүгө жол берилет.
4. Медициналык билим берүү уюмдарын мамлекеттик аккредитациялоо ушул Тартипке ылайык жүргүзүлөт жана төмөнкү принциптерге негизделет:
1) объективдүүлүк жана көз карандысыздык: медициналык билим берүү уюмунун ишин баалоо эксперттердин калыстыгын жана кабыл алынган чечимдердин көз карандысыздыгын камсыз кылган ишенимдүү маалыматтардын негизинде жүргүзүлөт;
2) ачыктык жана айкындуулук;
3) талаптардын жана ыкмалардын бирдиктүүлүгү;
4) тышкы баалоонун негизделген методологиясын так колдонуу;