Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2026-жылдын 20-апрели № 267-т

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин текстин жана музыкасын даярдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 29-январындагы № 109-VIII «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстин жана музыкасын даярдоо жөнүндө» токтомуна, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1.   Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын долбоорлорун тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары – ведомстволор аралык комиссия) 1-тиркемеге ылайык түзүлсүн.

2.   Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстин жана музыкасын даярдоого мамлекеттик заказ жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3.   Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги:

1)   ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштурсун;

2)   чыгармачылык жамааттарга мамлекеттик заказ аркылуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын долбоорун кесиптик деңгээлде иштеп чыгууга тапшырма берсин;

3)   чыгармачыл жамааттардан келип түшкөн долбоорлорду ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна киргизсин;

4)   Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын долбоорлорун талкуулоого коомчулуктун кеңири катышуусун камсыз кылсын;

5)   мамлекеттик заказды өткөрүү үчүн зарыл болгон документтердин тизмегин аныктасын жана аны ишке ашырууну камсыз кылсын;

6)   мамлекеттик заказды каржылоону 2026-жылга каралган республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырсын;

7)   ведомстволор аралык комиссия тарабынан тандалган үч долбоорду 2026-жылдын 1-июнуна чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна берсин.

4.   Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

–   Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-февралындагы № 58 тескемеси;

–   Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-мартындагы № 220 тескемеси;

–   Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-июнундагы № 476 тескемеси;