Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 257 токтомуна)
Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү мамлекеттик каттоодо, кайра каттоодо жана ишин токтотууну каттоодо келип чыккан мамилелерди, ошондой эле юридикалык жактардын, филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн бирдиктүү мамлекеттик реестрине (мындан ары – мамлекеттик реестр) маалыматтарды киргизүүнү жөнгө салат.
2. Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү мамлекеттик каттоо, кайра каттоо, ишин токтотууну каттоо (мындан ары – каттоо) – юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо, ишин токтотууну каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары – ыйгарым укуктуу орган) жана анын аймактык органдарынын (мындан ары – каттоочу орган) юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүү, кайра каттоо жана ишин токтотууну каттоо жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле ушул Жободо каралган башка маалыматтарды мамлекеттик реестрге киргизүү аркылуу жүзөгө ашырылуучу аракетин билдирет.
3. Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү каттоо тартибинин укуктук негизи болуп Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси, Кыргыз Республикасынын юридикалык жактар, филиалдар жана өкүлчүлүктөр чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылары, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер саналат.
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тигил же бул юридикалык жактар, филиалдар жана өкүлчүлүктөр үчүн каттоонун башкача тартиби каралган учурларды кошпогондо, ушул Жобого ылайык бардык юридикалык жактар, филиалдар жана өкүлчүлүктөр каттоодон өтүүгө тийиш.
5. Каттоо төмөнкү максаттарда ишке ашырылат:
– каттоо, ошондой эле мамлекеттик реестрге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү фактысын ырастоо;
– катталган, кайра катталган жана ишин токтоткон юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү эсепке алуу;
– мамлекеттик реестрди жүргүзүү;
– катталган, кайра катталган жана ишин токтоткон юридикалык жактар, филиалдар жана өкүлчүлүктөр жөнүндө маалыматтарды кызыкдар жеке жана юридикалык жактарга берүү.
6. Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү каттоо ыйгарым укуктуу орган жана анын аймактык органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү каттоо саясий партияларды кошпогондо, юридикалык дарегине карабастан каттоочу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
Саясий партияларды каттоо ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
7. Кыргыз Республикасында юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү каттоодо, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача белгиленбесе арыз берүү мүнөзүнө ээ.