Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 10-марты № 168
Кыргыз Республикасынын нотариатынын бирдиктүү маалымат тутумун пайдалангандыгы үчүн акы киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-июнундагы № 419 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын нотариатынын бирдиктүү маалымат тутумунун туруктуу иштешин, техникалык тейлөөнү жана андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын нотариатынын бирдиктүү маалымат тутумун (мындан ары - НБМТ) пайдалануу үчүн нотариалдык иш-аракеттерди жасоодо жана техникалык мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүүдө жеке нотариустан акы алынат деп;
2) НБМТны пайдалануу үчүн акынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан белгиленет деп;
3) НБМТны пайдалануу үчүн акы алуудан түшкөн каражаттар төмөнкүлөргө багытталат деп:
- тутумду техникалык коштоого жана тейлөөгө;
- киберкоопсуздукту жана маалыматтарды резервдик сактоону камсыз кылууга;
- жаңы функционалдык модулдарды өнүктүрүүгө;
– Кыргыз Республикасында нотариат ишин өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин чечими боюнча башка иш-чараларга;
4) акы төлөө НБМТнын интеграцияланган төлөм сервистери аркылуу жүзөгө ашырылат деп.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-июнундагы № 419 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:
1) пайдалануу үчүн акы алуунун механизмин электрондук сервистер, анын ичинде QR-коддор аркылуу техникалык ишке ашырууну камсыз кылсын;
2) бул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |