Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 25-апрели № 287
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо
уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы
төлөө шарттары жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-сентябрындагы № 604 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 26-мартындагы № 121 «Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн айрым кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө маселелерин жөнгө салуу максатында, «Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 161-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) 7 040 сом өлчөмүндөгү минималдуу базалык ставка Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарын эсептөө үчүн негиз болуп саналат;
2) Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин кызматтык маянасы минималдуу базалык ставканын өлчөмүн (7 040 сом) эселөө коэффициентине көбөйтүү жолу менен эсептелет;
3) саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине бир ставкага төмөнкүдөй президенттик компенсациялык төлөм төлөнөт:
– техникалык жана кенже тейлөөчү персоналды кошпогондо, 15 000 сом өлчөмүндө;
– техникалык жана кенже тейлөөчү персоналга 5 000 сом өлчөмүндө;
4) ушул токтом Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын карамагында турган, эмгек акы төлөөсү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өзүнчө чечими менен жөнгө салынган саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө системасына карата колдонулбайт.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу эселөө коэффициенттери 2-тиркемеге ылайык;
3. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-сентябрындагы № 604 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 86 «Саламаттык сактоо системасынын бюджетин түзүү жана аткаруу тартиби жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдары алуучу каражаттарды пайдалануу жөнүндө жободо:
– 24-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: