Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 12-майы № 159
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын
26-февралындагы № 90 «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамы жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
«Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-статьясынын 1-бөлүгүнө ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 26-февралындагы № 90 «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамы жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамында:
– Байсалов Эдил Жолдубаевич, Дарманкул уулу Бакыт курамдан чыгарылсын;
– Абыкеев Чолпонбек – Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, Комиссиянын төрагасы, Досматов Камчыбек Султанмуратович – Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары курамга киргизилсин.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
С.Н. Жапаров |