Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 258 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки, жалпы (башталгыч, негизги жана орто), кесиптик башталгыч жана кошумча билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызмат орундарына конкурс өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-сентябрындагы № 637 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки, жалпы (башталгыч, негизги жана орто), кесиптик башталгыч жана кошумча билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызмат орундарына конкурс өткөрүү тартиби жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) конкурсту уюштурууга бирдиктүү, системалуу мамилени камсыз кылуу жана конкурстук жол-жоболордун ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн заманбап санариптик технологияларды киргизүү максатында мектепке чейинки, жалпы (башталгыч, негизги жана орто), кесиптик башталгыч жана кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын (мындан ары – билим берүү уюмдары) жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурс өткөрүүнүн тартибин аныктайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-сентябрындагы № 637 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
1) "Мугалим" автоматташтырылган маалыматтык системасы (мындан ары - "Мугалим" АМС) - педагогикалык кызматкерлер жана билим берүү уюмдарынын кызматкерлери жөнүндө маалыматтарды чогултуу, сактоо, иштеп чыгуу, талдоо жана жалпылоо үчүн колдонулган маалыматтык система;
2) сыноо мөөнөтү - эмгек мамилелерин андан ары улантуу жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн иш берүүчү билим берүү уюмунун жетекчисинин кесиптик сапаттарын жана ээлеген кызмат ордуна шайкештигин баалаган белгиленген убакыт аралыгы;
3) квалификациялык талаптар - кесиптик билим деңгээлине, даярдык багытына (адистигине), педагогикалык жана (же) башкаруучулук иш стажына, ошондой эле билим берүү уюмунун жетекчисинин кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон кесиптик билимдерге жана көндүмдөргө карата белгиленген талаптар;
4) квалификациялык тестирлөө - талапкердин кесиптик компетенттүүлүгүнүн деңгээлин аныктоо жана анын квалификациялык талаптарга шайкештигин белгилөө максатында жүргүзүлүүчү баалоо жол-жобосу;
5) конкурс - билим берүү уюмунун жетекчисинин бош кызмат ордун ээлөө үчүн белгиленген талаптарга талапкерлердин компетенцияларын жана алар тарабынан берилген документтерди баалоого багытталган, ушул Жобого ылайык жүргүзүлүүчү жол-жобо;
6) талапкер - билим берүү уюмунун жетекчисинин бош кызмат ордун ээлөөгө конкурска катышууну каалаган жеке жак;
7) "Мугалим" АМС пайдалануучулары - ыйгарым укуктуу органдын, билим берүүнү башкаруу органдарынын, билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү, билим алуучулар жана алардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү), педагогикалык кызматкерлер, ошондой эле системага кирүүгө уруксаты бар Кыргыз Республикасынын жарандары;
8) талапкердин компетенциясы - билим берүү уюмунун жетекчисинин кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон жеке сапаттардын, кесиптик билимдердин, көндүмдөрдүн жана жөндөмдөрдүн жыйындысы;
9) билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызмат ордуна кадрлар резерви - тестирлөөдөн ийгиликтүү өткөн жана билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөө үчүн тизмеге киргизилген талапкерлердин белгиленген тартипте түзүлгөн маалыматтар базасы;
10) босолук балл - тесттик сыноолордун жыйынтыгынын минималдуу мааниси, ага жетүү талапкерди жеңүүчү деп таануу үчүн милдеттүү шарт болуп саналат жана анын кесиптик компетенттүүлүгү ырасталгандыгын күбөлөндүрөт;
11) электрондук сертификат - "Мугалим" АМС тарабынан түзүлүүчү жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызмат орундарын ээлөөгө конкурстун алкагында талапкердин тестирлөөдөн ийгиликтүү өткөндүгүн ырастоочу электрондук түрдөгү документ.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-сентябрындагы № 637 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Конкурсту уюштуруу жана өткөрүү Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти (мындан ары - Департамент) тарабынан жүргүзүлөт.
4. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурстун уюштурулушун жана өткөрүлүшүн контролдойт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-сентябрындагы № 637 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Конкурсту уюштуруу жана өткөрүү боюнча ишти координациялоо конкурстук комиссияга (мындан ары - Комиссия) жүктөлөт, анын жеке курамы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
6. Комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:
1) билим берүүнүн тиешелүү деңгээлин тейлеген ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин орун басары (Комиссиянын төрагасы);
2) билим берүүнүн тиешелүү деңгээлин тейлеген ыйгарым укуктуу органдын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси (Комиссиянын төрагасынын орун басары);
3) Департаменттин өкүлү (Комиссиянын катчысы);
4) билим берүү чөйрөсүндөгү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлү;
5) билим берүү чөйрөсүндөгү коомдук бирикмелердин өкүлдөрү;
6) педагогикалык же ата-энелер коомчулугунун өкүлдөрү (макулдашуу боюнча);
7) билим берүү чөйрөсүндөгү көз карандысыз эксперттер (макулдашуу боюнча).
7. Комиссиянын функцияларына төмөнкүлөр кирет:
- билим берүү уюмунун жетекчисинин бош кызмат ордун ээлөөгө квалификациялык тестирлөөлөрдү өткөрүүнүн ар жылдык графигин бекитүү;
- ушул Жободо белгиленген тартипте Департамент берген отчеттун негизинде конкурстун жеңүүчүсүн бекитүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-сентябрындагы № 637 токтомунун редакциясына ылайык)