Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кенешинин XXIV сессиясы
(VIII чакырылыш)
Кызыл-Кыя шаардык кенешинин 2026-жылдын 25-августундагы №27/126 токтомунун редакциясына ылайык
2026-жылдын 9-апрели №24/106
Кызыл-Кыя шаарынын Мажакипов-3 көчөсүнүн атын өзгөртүп, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, маркум Эртабылды Борубаевдин ысымын, Кызыл-Кыя шаарынын “Северная” көчөсүнүн атын өзгөртүп, маркум Эргеш ажы Мадалиевдин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине негиз, шаардык кеңештин Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын2026-жылдын 14-январындагы №22, 2026-жылдын 26-февралындагы №25 протоколдорун эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Кызыл-Кыя шаарына караштуу “Мажакипов-3” көчөсүнүн аты өзгөртүлүп, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, маркум Эртабылды Борубаевдин ысымы ыйгарылсын.
2. Кызыл-Кыя шаарына караштуу “Северная” көчөсүнүн аты өзгөртүлүп, маркум Эргеш ажы Мадалиевдин ысымы ыйгарылсын.
1. Кызыл-Кыя шаардык кенешинин 2026-жылдын 9-апрелиндеги №24/106 “Кызыл-Кыя шаарынын Мажакипов-3 көчөсүнүн атын өзгөртүп, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, маркум Эртабылды Борубаевдин ысымын, Кызыл-Кыя шаарынын “Северная” көчөсүнүн атын өзгөртүп, маркум Эргеш ажы Мадалиевдин ысымын ыйгаруу жөнүндө” токтомунун 1-пунктуна өзгөртүү киргизилип төмөндөгүдөй окулсун: “Кызыл-Кыя шаарына караштуу Мажакипов-3 көчөсүнүн башкы көчөлөрүнөн сырткары туюк көчөлөрүнүн аты өзгөртүлүп, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, маркум Эртабылды Борубаевдин ысымы ыйгарылсын”.
(Кызыл-Кыя шаардык кенешинин 2026-жылдын 25-августундагы №27/126 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Жогорудагы көчөлөрдү жашылдандырууга, жарыктандырууга, инфраструктурасын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү жагы көчөлөргө ысымы ыйгарылган инсандардын туугандарына, неберелерине сунушталсын.
4. Токтомго ылайык тийиштүү иш-кагаздарын даярдоо, кабыл алынган токтомду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы “КАДАСТР” мамлекеттик мекемесинин Кызыл-Кыя шаарындагы филиалына, Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин Кызыл-Кыя шаардык “03-03” аймактар аралык бөлүмүнө каттоого жана аткарууга жөнөтүү, тургундарга маалыматты жеткирүү менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы Кызыл–Кыя шаарынын мэриясына тапшырылсын.
5. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана Кызыл-Кыя шаардык кенешинин kyzyl-kiya.gov.kg сайтына жарыялансын.
6. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия(диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: |
А.Мурзаев |