Редакцияот 19.05.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР

КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

 

2026-жылдын 19-майы № 353-т

Этил спиртин медициналык, ветеринардык, техникалык максаттарда, ошондой эле парфюмердик-косметикалык жана алкоголдук продукцияларды өндүрүү үчүн пайдалануучу субъекттерди этил спирти менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-июнундагы № 481-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Этил спиртин медициналык, ветеринардык, техникалык максаттарда, ошондой эле парфюмердик-косметикалык продукцияны өндүрүү үчүн пайдалануучу атайын керектөөчүлөрдүн жана субъекттердин тизмегинде:

– III бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 68–72-пункттар менен толукталсын:

«68. «Ош шаарынын жылуулук электр борбору» муниципалдык ишканасы.

69. «АВТОМАШ-РАДИАТОР» жоопкерчилиги чектелген коому.

70. «Умай Групп» жоопкерчилиги чектелген коому.

71. «STB» LTD («Эс Ти Би» ЛТД) жоопкерчилиги чектелген коому.

72. «Альянс Алтын» жоопкерчилиги чектелген коому.»;

– IV бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 10-пункт менен толукталсын:

«10. «Деташ ЛТД» («Detas Ltd») жоопкерчилиги чектелген коому.».

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

 

А.А. Касымалиев