Сравнение редакций…
КАНТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
6-сессиясы
2025-жылдын 19-июну № 36/VI-29
Кант шаарынын аймагындагы “Маркетинг-Сервис” ЖЧКу тарабынан тейленген чарбалык ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды (канализация) алуу боюнча кызмат көрсөтүү тарифин бекитүү жөнүндө
Финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин, Кант шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 16-июнундагы №03-1/2688 катын карап чыгып жана шаарды суу менен камсыздоо жана агып чыгуучу суулардын (канализация) тутумунун ишенимдүү иштешин камсыздоо, Кант шаарынын жашоочуларына сапаттуу сууну үзгүлтүксүз жеткирүү максатында, суу менен камсыздоо жана канализацияларды тейлөөгө электрэнергияга, күйүүчү майга жана каражаттарга болгон баанын өсүшүн эске алуу менен чыгымдарга ылайыктап тарифти көтөрүү, ошондой эле Кант шаарынын мэриясы “Кант шаарынын суу түтүктөрүн жана канализациясын реабилитациялоо” долбоорун ишке ашыруунун алкагында алынган насыялык каражаттардын бир бөлүгүн ижара акысынан кайтарып алуу, “Муниципалдык менчиктеги Кант шаарындагы суу менен камсыздоо жана жана канализация комплексинин мүлкүн пайдалангандыгы үчүн ижара акысынын өлчөмүн эсептөө тартиби, ошондой эле керектөөчүлөрдүн ар кандай топторун ичүүчү суу менен камсыздоо жана канализация кызматтарына тарифти эсептөө тартиби жөнүндө” Жобону эске алуу менен Кант шаарынын 25.09.2014-ж. №94/XVIII-26 токтому менен бекитилген “Маркетинг-Сервис” ЖЧКунун Кант шаарынын калкын, мекеме-уюмдарын бекитилген чарбалык ичүүчү сууну берүү жана саркынды сууларды алуу (канализация) боюнча тейлөө тарифин, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмүнүн макулдашуусун карап чыгып,
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Маркетинг-Сервис” ЖЧКу тейлеген чарбалык ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды (канализация) алуу боюнча кызмат көрсөтүү тарифи 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кант шаарынын мэриясы ушул токтомун 1-пунктунда көрсөтүлгөн тарифтерди колдонуу мөөнөтүндө “Маркетинг-Сервис” ЖЧКна муниципалдык менчикти пайдалангандыгы үчүн ижара акысынын бир жылдык өлчөмүн 2 860 000 (эки миллион сегиз жүз алтымыш миң) сом ушул токтом менен бекитилген чарбалык ичүүчү сууга жана саркынды сууларды алуу (канализация) боюнча тейлөө тарифине киргизип бекитсин.
3. «Маркетинг-Сервис» ЖЧНнун директору Какенову С.С.:
- Бекитилген тарифти массалык-маалымат каражатарына жарыялап, Кант шаарынын керектөөчүлөрүн жеткиликтүү формада маалымат менен камсыздасын;
- чарбалык ичүүчү суу менен камсыздоо жана калк үчүн саркынды сууларды алуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн акыларды эсептөө бекитилген тарифтердин негизинде орнотулган суу эсептегичтеринин көрсөткүчтөрү боюнча, ал эми суу эсептегичтери жок болгон учурда керектөө ченемдери боюнча 2-тиркемеге ылайык эсептелсин;
- мындан аркы ишмердүүлүгндө бекитилген тариф так жетекчиликке алынсын;
4. Кант шаардык кеңешинин” 21.06.2023-ж. № 82/XIV-28 “Кант шаарынын аймагында “Маркетинг-Сервис” ЖЧКу тарабынан тейленген ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды (канализация) алуу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө баалардын прейскуранттарын (тарифин) бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.
5. Бул токтом расмий жарыяланып, 2025-жылдын 01-августунан тартып күчүнө кирет.
6. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жиберилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына (Коджакматов М.К.) жана шаар курулуш, өнөр жай, унаа, коммуникация жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Ногоев Т.Д.) жүктөлсүн.
Төрага |
| М.Бейшебаев |
|
| Кант шаардык кеңешинин 2025-жылдын 19-июну № 36/VI-29 токтомуна тиркеме