Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2021-жылдын 15-ноябры № 4
Жалал-Абад шаарындагы коомдук маршуруттук транспорттордун калкка көрсөтүүчү кызмат акысын көтөрүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесинин 12-пунктуна, “Транспорт жөнүндө” мыйзамынын 8-беренесине ылайык, Жалал-Абад шаарынын жүргүнчүлөрдүн транспорттук агентствосунун 03.11.2021жылдагы чыг.№01-6/104 сандуу каты, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 05.11.2021-жылдагы №01-12/928, 12.11.2021-жылдагы № 01-33/2170-каттарынын негизинде жана каттарга тиркелген иш-кагаздарын Жалал-Абад шаардык кеӊешинин туруктуу комиссияларынын 12-ноябрь 2021-жылдагы кеӊейтилген жыйынында каралып, Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 04.02.2014-жылдагы XII сессиясынын №7 токтому 2-пункту күчүн жоготту деп табылсын.
2. Жалал-Абад шаарынын аймагында каттоочу жеке менчик микроавтобустарда жүрүүнүн акысы төмөндөгүдөй тарифте бекитилсин:
· Шаардагы жалпы мектеп окуучуларына -5 сом;
· Шаардын пенсионерлерине -8 сом;
· Башка жүргүнчүлөргө – 15 сом.
3. Токтом 2021-жылдын 1-декабрынан тартып күчүнө кирет жана 2 жумалык мөөнөттө Жалал-Абад шаарындагы коомдук транспорттордун жол кире акысы жогорулагандыгы жөнүндө калкка түшүндүрүү иштерин жүрүзүү жагы шаар мэриясына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеӊештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялансын.
Төрага |
| Н.Орозбаев |