(Арашан айылдык кеңешинин 2026-жылдын 27-январындагы № 69 токтому менен жокко чыгарылды)
АРАШАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Бириккен Арашан айылдык кеңешинин I-чакырылышы
2025-жылдын 17-декабры № 66
Арашан айыл аймагында Таш-Дөбө айылында №559, 560, 561, 882, 885, 886, 887 контурунда жайгашкан жайыт жер тилкеси жөнүндө
Арашан айылдык кеңеши, 2025-жылдын 16-декабрында Сыдыков Б.С. келип түшкөн арызын карап чыгып, ошондой эле арыз ээси Болотбек Султанович Сыдыковдун жана Арашан айылдык кеңешинин төрагасы Калыков Нурдин Касымбековичтин баяндамаларын угуп,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арашан айыл аймагында Таш-Дөбө айылында №559, 560, 561, 882, 885, 886, 887 контурунда жайгашкан, көлөмү 4,5 га түзгөн жайыт жер тилкесин 5 жылдык мөөнөткө ижарага туристик эс алуу жай багытында колдонууга берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Арашан Биримдиги” МИ башчысы Б.К. Осмоналиевге жүктөлсүн.
Төрага |
| Н.К. Калыков |