Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 15-майы № 346

Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, Бишкек, Ош шаарларынын, облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ишинин натыйжалуулугун баалоонун комплекстүү системасы жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 7-августундагы № 526 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, Бишкек, Ош шаарларынын, облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ишинин натыйжалуулугун аныктоо, ишин баалоо, Кыргыз Республикасынын региондорун социалдык-экономикалык өнүктүрүү үчүн алардын жоопкерчилигин жогорулатуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, Бишкек, Ош шаарларынын, облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ишинин натыйжалуулугун баалоонун комплекстүү системасынын методикасы (мындан ары – Методика) 1-тиркемеге ылайык;

2) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, Бишкек, Ош шаарларынын, облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ишинин натыйжалуулугун баалоонун жыйынтыктарын ар жылдык негизде чыгаруу тартиби 2-тиркемеге ылайык;

3) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, Бишкек, Ош шаарларынын, облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ишинин натыйжалуулугун баалоонун жыйынтыктарын чыгаруу боюнча комиссиянын (мындан ары – Комиссия) курамы 3-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек, Ош шаарларынын, облустук маанидеги шаарлардын мэрлери жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары отчеттук жылдан кийинки айдын 30уна чейин Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан бекитилген баалоонун жыйынтыктары жөнүндө отчеттун унификацияланган формаларын толтуруп, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине берип турсун.

3. Тартылган мамлекеттик органдар жана Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (макулдашуу боюнча) отчеттук жылдан кийинки айдын 30уна чейин Методикага ылайык негизги пландык жана иш жүзүндөгү социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдү Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине берип турсун.

4. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек, Ош шаарларынын, облустук маанидеги шаарлардын мэрлери жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары отчеттук мезгилде ишти баалоонун индикаторлорун аткаруунун иш жүзүндөгү маанилери жөнүндө отчеттордун тууралыгы, өз убагында берилиши жана сапаты үчүн жеке жоопкерчилик тартат деп белгиленсин.

41. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын 2025-жылдагы ишинин натыйжалуулугун комплекстүү баалоо 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча иштин көрсөткүчтөрүнүн негизинде 4-тиркемеге ылайык жүргүзүлсүн.

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 7-августундагы № 526 токтомунун редакциясына ылайык)

 

5. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги:

1) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, Бишкек, Ош шаарларынын, облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ишинин натыйжалуулугун баалоо боюнча отчеттук материалдарга экспертиза жүргүзүүдөн кийин отчеттук жылдан кийинки үчүнчү айдын 1ине чейин Комиссияга жыйынды отчетту берип турсун;

2) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарына, Бишкек, Ош шаарларынын, облустук маанидеги шаарлардын мэрияларына жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга Методиканы практикалык колдонууга методикалык көмөк көрсөтсүн;

3) Методиканы практикалык колдонуу боюнча нускамалык материалдарды жана отчеттуулуктун формаларын бекитсин;

4) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

1) ушул токтомду ишке ашыруу үчүн тиешелүү жылдарга республикалык бюджетте акча каражаттарын карасын;

2) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын 2025-жылдагы ишинин натыйжалуулугун баалоонун жыйынтыгы боюнча рейтингдин лидерлерин сыйлоо үчүн байге фондун түзүүгө республикалык бюджеттен 18 000 000 (он сегиз миллион) сом бөлсүн.

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 7-августундагы № 526 токтомунун редакциясына ылайык)

7. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 203 «Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын аппараттарынын ишинин натыйжалуулугун комплекстүү баалоо системасы жөнүндө» токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-октябрындагы № 644 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 203 «Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын аппараттарынын ишинин натыйжалуулугун комплекстүү баалоо системасы жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому.

8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

9. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 19-майындагы № 36 (3796) саны менен жарыяланды