Загрузка документа…
2-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-майындагы № 358 токтомуна)
Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга "бирдиктүү терезе" принциби боюнча жардам көрсөтүү ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга (мындан ары - жабыр тартуучулар) жардам көрсөтүү маселелерин жөнгө салат, координацияланган мамилени камсыз кылууга багытталган жана мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (мындан ары - ЖӨБО) жана мамлекеттик эмес уюмдардын "бирдиктүү терезе" принцибинин негизинде жабыр тартуучуларга комплекстүү жардам көрсөтүү боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү механизмин аныктайт.
2. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартуучуларга "бирдиктүү терезе" принциби боюнча жардам көрсөтүү тартиби төмөнкү милдеттерди чечүү максатында белгиленет:
1) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо субъекттеринин координацияланган иш-аракеттери аркылуу жардамдын зарыл түрлөрүн алуу үчүн "бирдиктүү терезе" - үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча жергиликтүү комитетке (мындан ары - ЖК) кайрылуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу;
2) жабыр тартуучулардын жеке муктаждыктарын эске алуу менен комплекстүү жардамды ыкчам көрсөтүү жана коргоо, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө мыйзамдарда белгиленген ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү тартибинде аларды тийиштүү мамлекеттик органдарга жана башка уюмдарга кайра жиберүү.
3. Ушул Тартипте төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) медициналык-санитардык жардам - үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартуучуларга медициналык-санитардык жардам көрсөтүү боюнча чаралардын комплекси, анын ичинде медициналык реабилитациялоону жүзөгө ашыруу;
2) психологиялык жардам - үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартуучуга көрсөтүлүүчү, алгачкы жана андан аркы психологиялык колдоого багытталган иш-чаралардын комплекси;
3) социалдык жардам - үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартуучуга турмуштук оор кырдаалдан коргоо жана чыгаруу максаттарында социалдык кызматтарды көрсөтүүгө, ошондой эле социалдык реабилитациялоого көмөк көрсөтүүгө багытталган чаралардын комплекси;
4) юридикалык жардам - "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартуучуга консультациялык-укуктук жана квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү боюнча чаралардын комплекси;
5) маалыматты берүүгө жабыр тартуучунун макулдугу талап кылынбаган өзгөчө жагдайлар - жабыр тартуучунун же башка адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна реалдуу же потенциалдуу коркунучтун болушу, кылмыш же укук бузуу белгилерин билдирген жосундарды жасоо, мында ыйгарым укуктуу органдар жабыр тартуучунун эркине карабастан жооп кайтаруу чараларын көрүүгө милдеттүү. Мындай учурларга жабыр тартуучунун же үчүнчү жактардын ден соолугуна ар кандай оордук деңгээлинде зыян келтирүү, өлтүрүү же оор зыян келтирүү коркутуулары, өмүрүнө жана ден соолугуна коркунучтун болушу, анын ичинде түздөн-түз коркунуч белгилери, кайталанма зомбулуктун жогорку ыктымалдуулугу, балага карата же анын катышуусунда жасалган зомбулук, ошондой эле системалуу мүнөздөгү зомбулук жана аны эскалациялоонун жогорку тобокелдиги, үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адам тарабынан коркутуулардын, куугунтуктоонун же контролдоонун болушу кирет.
2-глава. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартуучуларга жардам көрсөтүү принциптери
4. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартуучуларга жардам көрсөтүү төмөнкү принциптерге негизделет:
1) үй-бүлөлүк зомбулук учурларына чара көрүүдө, жабыр тартуучуларга жардам көрсөтүүдө жана уюштурууда коопсуздукту камсыз кылуу;
2) жабыр тартуучулардын укуктарынын, мыйзамдуу кызыкчылыктарынын жана кадыр-баркынын артыкчылыгын камсыз кылуу;
3) балдарды жана аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдарды кошпогондо, купуялуулукту сактоо жана жардамды алуунун ыктыярдуулугун камсыз кылуу;
4) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо субъекттеринин ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсү жана алардын аракеттерин координациялоо аркылуу комплекстүү жардам көрсөтүү.
Ишке ашыруу "Санариптик экономика" мамлекеттик программасынын алкагында тиешелүү жылдарга каралган каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат.
3-глава. Калкка жардамдын түрлөрү жөнүндө маалымдоо жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартуучулардын кайрылуу тартиби
5. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартуучуларга маалымдоо үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо субъекттери тарабынан шаарлардын жана айыл аймактарынын расмий сайттарына жана маалымат такталарына төмөнкүдөй маалыматты көрсөтүү менен көрсөтүлүүчү жардам жөнүндө маалыматтарды жайгаштыруу жолу менен жүзөгө ашырылат:
1) тиешелүү аймакта жардам көрсөтүүчү органдардын жана уюмдардын аталышы;
2) даректер жана байланыш маалыматтары (телефон номерлери, расмий электрондук даректер);
3) иш графиги;
4) жардамдын түрлөрүнүн тизмеги.
6. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ар бир мамлекеттик орган ЖӨБОго үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү иш-чараларды жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктар жүктөлгөн адистер жөнүндө актуалдуу байланыш маалыматтарын берет.
7. Жабыр тартуучулар жашаган жери боюнча төмөнкү мамлекеттик органдардын жана башка үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо субъекттеринин аймактык бөлүмдөрүнө кайрыла алат:
1) ички иштер органдары;
2) прокуратура органдары;
3) эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктары;
4) саламаттык сактоо уюмдары;
5) юридикалык жардам кызматтары;
6) билим берүү уюмдары;
7) адвокатура (алардын компетенциясынын чегинде);
8) мэриялар, айыл өкмөттөрү (жергиликтүү комитеттер);
9) коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар (консультациялык-алдын алуу борборлору (кризистик борборлор), баш калкалоочу жайлар) жана башка органдар (алардын компетенциясынын чегинде).
8. Жабыр тартуучу мамлекеттик органга жана башка үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо субъекттерине төмөнкү документтерди (алар бар болсо) берет:
1) ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ;
2) убактылуу коргоо ордери;
3) кылмыш жөнүндө арыз же билдирүү каттоого кабыл алынгандыгы жөнүндө кабарлоо талону;
4) маалымкат же медициналык картадан көчүрмө.
9. Жабыр тартуучуларга жардам төмөнкүлөрдүн негизинде берилет:
1) жабыр тартуучунун же үй-бүлөлүк зомбулук факты жөнүндө билдирген каалаган адамдын кайрылуусу;
2) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу субъекттерге кабарлоо жана/же кайра жиберүү;
3) өз компетенциясынын чегинде үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу субъекттер аныктаган үй-бүлөлүк зомбулук фактылары же белгилери;
4) шашылыш ыкчам кызматтардан келип түшкөн маалымат;
5) жалпыга маалымдоо каражаттарынан жана интернет-ресурстардан алынган маалымат;
6) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана кызмат адамдарынын расмий электрондук почтасынын дарегине келген электрондук кайрылуу.
10. Жабыр тартуучу төмөнкү шашылыш ыкчам кызматтарга, анын ичинде анонимдүү түрдө кайрылган учурда:
1) 102 - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Коомдук тартипти сактоо кызматы;
2) 103 - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Тез медициналык жардамы;
3) 111 - Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу "Балдар үчүн ишеним телефону" борбору" мамлекеттик мекемеси;
4) 112 - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бирдиктүү мамлекеттик нөөмөттүк-диспетчердик кызматы;
5) 114 - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы;
6) 115 - Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) аппараты;
7) 117 - Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин социалдык коргоо шыр байланышы.
11. Ушул Тартиптин 10-пунктунда көрсөтүлгөн шашылыш кызматтардын операторлору төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) жабыр тартуучуну жеке өзү же электрондук кайрылуу аркылуу кайрылууга кызыктырууга багытталган маекти жүргүзүүгө;
2) жабыр тартуучунун өмүрүнө жана ден соолугуна коркунучтун бар же жок экендигин аныктоого;
3) маалыматты берүүгө жабыр тартуучунун макулдугу талап кылынбаган өзгөчө жагдайлар катары ушул Тартипте каралган учурларда үй-бүлөлүк зомбулук факты жөнүндө тиешелүү аймактык мамлекеттик органдарга токтоосуз маалымдоого;
4) үй-бүлөлүк зомбулук кимге карата жана ким тарабынан жасалганын, үй-бүлөлүк зомбулук жасалган жерди жана убакытты, ден соолукка келтирилген зыянды, жабыр тартуучу медициналык жардам үчүн кайрылганын, башка жагдайларды (үй-бүлөлүк зомбулуктун мурдагы учурлары, өмүрүнө жана ден соолугуна мүмкүн болгон зыян келтирүү үчүн куралдын же башка предметтердин болушун) аныктоого;
5) жабыр тартуучуларга жардам көрсөтүүчү үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо субъекттери жөнүндө маалымат берүүгө, тактап айтканда төмөнкүлөр жөнүндө:
- ички иштер органдарынын аймактык бөлүмүнүн байланыш маалыматтары жана үй-бүлөлүк зомбулук фактына алар тарабынан көрүлгөн чаралар;
- консультациялык-алдын алуу борборлорунун (кризистик борборлордун), баш калкалоочу жайлардын, башка социалдык кызматтардын байланыш маалыматтары жана алар көрсөткөн кызматтардын тизмектери;
6) башка үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо субъекттеринин жардамынын түрлөрү жөнүндө маалымат алуу үчүн жабыр тартуучуну аймактык социалдык камсыздоо башкармалыктарына кайра жиберүүгө;
7) үй-бүлөлүк зомбулук факты тууралуу билдирүүнү мыйзамда белгиленген тартипте билдирүүлөрдү каттоо журналына каттап жазууга;
8) алынган маалыматтын булактарынын купуялуулугун сактоого, аны ачыкка чыгарбоого, балдарга жана/же аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук жасалган учурларды кошпогондо, ошондой эле жабыр тартуучулардын маалымдалган макулдугу болгон учурларда. Ошол эле учурда жабыр тартуучулардын жакын туугандарына үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо субъекттеринин аймактык бөлүмдөрүнүн адистери тарабынан жабыр тартуучулардын өздөрүнүн макулдугу менен маалымдалат;
9) жабыр тартуучу жеке кайрылууга жана маалыматтарды берүүгө макулдук берген учурда үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо субъекти жабыр тартуучуну электрондук документтештирүү системасы аркылуу же кагаз түрүндө же электрондук почта аркылуу ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык форма боюнча кайра жиберүү жөнүндө бланкты тиешелүү органга жиберет.
12. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо субъекттери прокуратура органдары тарабынан бекитилген отчеттуулукту түзүүнүн жана берүүнүн бирдиктүү тартибине ылайык үй-бүлөлүк зомбулук фактылары жөнүндө билдирүүлөрдү каттоо журналын жүргүзөт.
13. Жабыр тартуучу алыскы административдик-аймактык бирдиктердеги үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо субъекттерине кайрылган учурда алар ыйгарым укуктуу адистер менен онлайн режиминде консультациялар аркылуу жардам уюштурат.