Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-апрелиндеги № 276-т тескемесине)
"Зергерчилик өнөр жайынын субъекттерине жеңилдетилген кредит берүү" долбоорун ишке ашыруу ТАРТИБИ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-сентябрындагы № 709-т тескемесинин редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. "Зергерчилик өнөр жайынын субъекттерине жеңилдетилген кредит берүү" долбоорунун (мындан ары - Долбоор) максаты өндүрүштүк ишти жүзөгө ашыруу, продукцияны чыгаруунун көлөмүн көбөйтүү жана ата мекендик зергердик буюмдардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн зарыл болгон өндүрүштүк кубаттуулукту модернизациялоо жана жаңылоо үчүн аларды жеңилдетилген каржылоо менен камсыз кылууга багытталган зергерчилик тармагынын ата мекендик ишканаларына мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат. Долбоор зергерчилик өндүрүшүнө модернизация жүргүзүүгө ата мекендик ишканаларга жеңилдетилген кредиттерди берүү жана ислам принциптерине ылайык каржылоо жолу менен ишке ашырылат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-сентябрындагы № 709-т тескемесинин редакциясына ылайык)
2. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү - 60 ай.
3. Долбоордун наркы - 1000000000,0 (бир миллиард) сом.
4. Субсидиялоо суммасы - 87100000,0 (сексен жети миллион бир жүз миң) сом.
5. Каржылоо булактары:
- Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен 87100000,0 (сексен жети миллион бир жүз миң) сом суммасындагы каражаттар;
- "Элдик Банк" ачык акционердик коомунун 500000000,0 (беш жүз миллион) сом суммасындагы, "АБанк" ачык акционердик коомунун (мындан ары - банктар) 500000000,0 (беш жүз миллион) сом суммасындагы каражаттары.
6. Долбоорду ишке ашыруунун башталышы - 2026-жылдын апрели.
7. Жооптуу аткаруучулар: Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги банктардын кредиттери боюнча пайыздык ставкаларды жана ислам принциптерине ылайык каржылоо боюнча кошмо бааны субсидиялоого республикалык бюджеттен каражаттарды өз убагында бөлүү бөлүгүндө, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Долбоорду ишке ашырууга катышкан банктар жана башка субъекттер.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-сентябрындагы № 709-т тескемесинин редакциясына ылайык)
8. Долбоордун алкагында 2026-жылдын ичинде банктар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматында зергерлердин атайын эсебине киргизилгендиги жөнүндө ырастоочу документти көрсөткөн учурда жабдууларды модернизациялоо жана сатып алуу үчүн жеке ишкерлерге жана юридикалык жактарга жеңилдетилген кредиттерди жана ислам принциптерине ылайык каржылоону берет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-сентябрындагы № 709-т тескемесинин редакциясына ылайык)
9. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин атынан банктардын кредиттери боюнча пайыздык ставкаларды жана ислам принциптерине ылайык каржылоо боюнча кошмо бааны республикалык бюджеттин каражаттарынан жылдык 9,67 пайыз ставка боюнча субсидиялоону камсыз кылат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-сентябрындагы № 709-т тескемесинин редакциясына ылайык)
10. Кредиттерди берүү жана башкаруу жана ислам принциптерине ылайык каржылоо тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) ченемдик укуктук актыларынын жана банктардын ички ченемдик документтеринин талаптарына ылайык аныкталат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-сентябрындагы № 709-т тескемесинин редакциясына ылайык)
11. Берилген кредиттерди кайтаруу жана каржылоо боюнча бардык тобокелдиктерди банктар көтөрөт, зайымчыларды тандоо алардын ички жол-жоболоруна ылайык жүргүзүлөт.
12. Банктар Долбоордун шарттарынын жана талаптарынын так сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат.
13. Долбоорго катышкан банктар төмөнкүдөй негизги жалпы шарттарда зайымчыларга кредит берүүгө же аларды каржылоого милдеттүү:
- каржылоо субъекттери: зергердик буюмдарды өндүрүүнү жүзөгө ашыруучу юридикалык жактар, жеке ишкерлер;
- багыты: жабдууларды модернизациялоо жана сатып алуу;
- суммасы: 90000000 (токсон миллион) сомго чейин;
- кредиттин мөөнөтү: 60 ай;
- камсыздоо: күрөөлүк негизде;
- субсидиялоо ставкасы: жылдык 9,67 пайыз;
- акыркы алуучу үчүн пайыздык ставка: жылдык 6 пайыз;
- жеңилдетилген мезгил: 180 күн.
2-глава. Долбоордун ишке ашырылышын баяндоо
14. Банктар Долбоор күчүнө киргенден кийин 10 күндүк мөөнөттө кредит берүүнүн жана ислам принциптерине ылайык каржылоонун көлөмүн жана субсидиялоонун сунушталган ставкасын милдеттүү түрдө көрсөтүү менен Долбоорду ишке ашырууга катышууга өтүнмөнү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берүүгө тийиш, мында субсидиялоо ставкасы жылдык 9,67 пайыздан ашпоого тийиш.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-сентябрындагы № 709-т тескемесинин редакциясына ылайык)
15. Долбоорду ишке ашыруу жөнүндө калкка талаптагыдай маалымдоо максатында банктар жалпыга маалымдоо каражаттарында, маалымат такталарында жана расмий сайттарда Долбоор боюнча кредит берүүнүн жана ислам принциптерине ылайык каржылоонун шарттары жөнүндө маалыматты жарыялоого тийиш.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-сентябрындагы № 709-т тескемесинин редакциясына ылайык)
16. Долбоордун алкагында субсидияларды алуу үчүн банктар кредит берүүнүн жана ислам принциптерине ылайык каржылоонун иш жүзүндөгү суммасын көрсөтүү менен субсидиялоого өтүнмөнү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-сентябрындагы № 709-т тескемесинин редакциясына ылайык)
17. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги субсидиялардын суммасын эсептөөнү эсептик коэффициенттерге ылайык жүргүзөт жана банктарга субсидиялардын траншын которуу үчүн тиешелүү жылга финансылык план даярдайт.
18. Субсидиялардын траншы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан банктардын алыш-бериш эсептерине республикалык бюджеттин каражаттарынан которулат.
19. Банктар жума сайын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берилген кредиттер жана ислам принциптерине ылайык каржылоо жөнүндө маалымат берип турат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-сентябрындагы № 709-т тескемесинин редакциясына ылайык)
20. Долбоордун каражаттарын өз убагында өздөштүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Долбоордун каражаттарынын лимитин банктар арасында бир тараптуу тартипте кайра бөлүштүрүүгө укуктуу.