Сравнение редакций…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-апрелиндеги № 276-т тескемесине)
"Зергерчилик өнөр жайынын субъекттерине жеңилдетилген кредит берүү" долбоорун ишке ашыруу ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. "Зергерчилик өнөр жайынын субъекттерине жеңилдетилген кредит берүү" долбоорунун (мындан ары - Долбоор) максаты өндүрүштүк ишти жүзөгө ашыруу, продукцияны чыгаруунун көлөмүн көбөйтүү жана ата мекендик зергердик буюмдардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн зарыл болгон өндүрүштүк кубаттуулукту модернизациялоо жана жаңылоо үчүн аларды жеңилдетилген каржылоо менен камсыз кылууга багытталган зергерчилик тармагынын ата мекендик ишканаларына мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат. Долбоор зергерчилик өндүрүшүнө модернизация жүргүзүүгө ата мекендик ишканаларга жеңилдетилген кредиттерди берүү жолу менен ишке ашырылат.
2. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү - 60 ай.
3. Долбоордун наркы - 1000000000,0 (бир миллиард) сом.
4. Субсидиялоо суммасы - 87100000,0 (сексен жети миллион бир жүз миң) сом.
5. Каржылоо булактары:
- Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен 87100000,0 (сексен жети миллион бир жүз миң) сом суммасындагы каражаттар;
- "Элдик Банк" ачык акционердик коомунун 500000000,0 (беш жүз миллион) сом суммасындагы, "АБанк" ачык акционердик коомунун (мындан ары - банктар) 500000000,0 (беш жүз миллион) сом суммасындагы каражаттары.
6. Долбоорду ишке ашыруунун башталышы - 2026-жылдын апрели.
7. Жооптуу аткаруучулар: Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги банктардын кредиттери боюнча пайыздык ставкаларды субсидиялоого республикалык бюджеттен каражаттарды өз убагында бөлүү бөлүгүндө, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти, Долбоорду ишке ашырууга катышкан банктар жана башка субъекттер.
8. Долбоордун алкагында 2026-жылдын ичинде банктар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматында зергерлердин атайын эсебине киргизилгендиги жөнүндө ырастоочу документти көрсөткөн учурда жабдууларды модернизациялоо жана сатып алуу үчүн жеке ишкерлерге жана юридикалык жактарга жеңилдетилген кредиттерди берет.
9. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин атынан банктардын кредиттери боюнча пайыздык ставкаларды республикалык бюджеттин каражаттарынан жылдык 9,67 пайыз ставка боюнча субсидиялоону камсыз кылат.
10. Кредиттерди берүү жана башкаруу тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) ченемдик укуктук актыларынын жана банктардын ички ченемдик документтеринин талаптарына ылайык аныкталат.
11. Берилген кредиттерди кайтаруу жана каржылоо боюнча бардык тобокелдиктерди банктар көтөрөт, зайымчыларды тандоо алардын ички жол-жоболоруна ылайык жүргүзүлөт.
12. Банктар Долбоордун шарттарынын жана талаптарынын так сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат.
13. Долбоорго катышкан банктар төмөнкүдөй негизги жалпы шарттарда зайымчыларга кредит берүүгө же аларды каржылоого милдеттүү:
- каржылоо субъекттери: зергердик буюмдарды өндүрүүнү жүзөгө ашыруучу юридикалык жактар, жеке ишкерлер;
- багыты: жабдууларды модернизациялоо жана сатып алуу;
- суммасы: 90000000 (токсон миллион) сомго чейин;
- кредиттин мөөнөтү: 60 ай;
- камсыздоо: күрөөлүк негизде;
- субсидиялоо ставкасы: жылдык 9,67 пайыз;
- акыркы алуучу үчүн пайыздык ставка: жылдык 6 пайыз;
- жеңилдетилген мезгил: 180 күн.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-апрелиндеги № 276-т тескемесине)
"Зергерчилик өнөр жайынын субъекттерине жеңилдетилген кредит берүү" долбоорун ишке ашыруу ТАРТИБИ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-сентябрындагы № 709-т тескемесинин редакциясына ылайык)