Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-майындагы № 355 токтомуна тиркеме |
Биометрикалык дайындардын мамлекеттик санарип
ресурсунда биометрикалык дайындарды иштеп чыгууда
алардын коопсуздугун камсыз кылуу тартиби, биометрикалык дайындардын материалдык алып жүрүүчүлөрүнө жана
мындай дайындарды биометрикалык дайындардын
мамлекеттик санарип ресурсунан тышкары сактоо технологияларына карата талаптар
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Биометрикалык дайындардын мамлекеттик санарип ресурсунда биометрикалык дайындарды иштеп чыгууда алардын коопсуздугун камсыз кылуу тартиби, биометрикалык дайындардын материалдык алып жүрүүчүлөрүнө жана мындай дайындарды биометрикалык дайындардын мамлекеттик санарип ресурсунан тышкары сактоо технологияларына карата талаптар (мындан ары – Тартип) Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык дайындарын биометрикалык дайындардын мамлекеттик санарип ресурсунда иштеп чыгууда алардын коопсуздугун камсыздоо боюнча чараларды, ошондой эле биометрикалык дайындарды биометрикалык дайындардын мамлекеттик санарип ресурсунан тышкары сактоонун материалдык алып жүрүүчүлөрүнө жана технологияларына карата талаптарды аныктайт
2. Бул Тартиптин жоболору биометрикалык дайындарды биометрикалык дайындардын мамлекеттик санарип ресурсунда иштеп чыгууда, ошондой эле биометрикалык дайындарды биометрикалык дайындардын мамлекеттик санарип ресурсунан тышкары материалдык алып жүрүүчүлөрдө сактоодо жана иштеп чыгууда колдонуу үчүн милдеттүү.
3. Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык дайындарынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар Кыргыз Республикасынын Санарип кодексине, ушул Тартипке жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.
4. Биометрикалык дайындарды иштеп чыгуу Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин 78-беренесинде белгиленген принциптерди сактоо менен жүзөгө ашырылат.
2-глава. Бул Тартипте колдонулуучу негизги терминдер жана аныктамалар
5. Бул Тартипте төмөнкүдөй негизги терминдер жана аныктамалар колдонулат:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик биометрикалык идентификациялоо системасы (мындан ары – мамлекеттик биометрикалык идентификациялоо системасы) – Кыргыз Республикасынын жарандарын санариптик идентификациялоону жана аутентификациялоону камсыз кылуучу санариптик технологиялык система. Мамлекеттик биометрикалык идентификациялоо системасы шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө, мамлекеттик санарип сервистерин алууда жана берүүдө Кыргыз Республикасынын жарандарын санариптик аутентификациялоо үчүн түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында түздөн-түз каралган учурларда гана башка максаттарда колдонулушу мүмкүн;
2) биометрикалык дайындардын мамлекеттик санарип ресурсу – ээси Кыргыз Республикасы болгон, калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атынан Мамлекеттик биометрикалык идентификациялоо системасынын алкагында сакталуучу жана иштелип чыгуучу Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке жана биометрикалык дайындарынын жыйындысы;
3) тармактык жөнгө салуучу – жеке дайындар чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана аларды иштеп чыгууну контролдоо функциялары жүктөлгөн жеке дайындар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган;
4) биометрикалык дайындардын мамлекеттик санарип ресурсунун ээси – Кыргыз Республикасы, Кыргыз Республикасынын калкын каттоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атынан;
5) биометрикалык дайындардын мамлекеттик санарип ресурсунун техникалык оператору – биометрикалык дайындардын мамлекеттик санарип ресурсунун ээсинин карамагындагы, биометрикалык дайындардын мамлекеттик санарип ресурсун техникалык коштоону, эксплуатациялоону жана тейлөөнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик уюм;
6) иштеп чыгуучу – санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекти, ага башка субъекттер келишимдин же укуктук актынын негизинде санарип жазмаларды иштеп чыгууну, санарип технологиялык системаларды эксплуатациялоону же санарип сервистерин берүүнү, ошондой эле санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин объекттерине кирүү мүмкүнчүлүгүн тапшырган;
7) колдонуучу – санарип жазмаларына, санарип ресурстарына, санарип сервистерине же технологиялык системаларга кирүү мүмкүнчүлүгүн сурап алуучу же жүзөгө ашыруучу санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекти;
8) ыйгарым укуктуу адам – санарип сервисте катталган жана өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарынын чегинде биометрикалык дайындар менен иштөөгө уруксат берилген кызматкер;
9) санарип сервистин администратору – биометрикалык дайындардын мамлекеттик санарип ресурсунун ээсинин же иштеп чыгуучунун санарип технологиялык системасын эксплуатациялоо жана ыйгарым укуктуу адамдардын санарип сервистерге кирүү мүмкүнчүлүгүн башкаруу үчүн жооптуу кызматкери, өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарынын чегинде эсептик жазууларды, паролдорду жана аутентификациялоонун башка каражаттарын түзүүнү, өзгөртүүнү, бөгөттөөнү жана жокко чыгарууну жүзөгө ашыруучу;
10) биометрикалык дайындардын материалдык алып жүрүүчүлөрү – санарип же башка формадагы биометрикалык дайындарды камтыган маалыматтардын физикалык алып жүрүүчүлөрү (чыгарылуучу дисктер, USB-сактагычтар, оптикалык дисктер, кагаз алып жүрүүчүлөр жана алып жүрүүчүлөрдүн башка түрлөрү).
Бул Тартипте колдонулган түшүнүктөр жана терминдер Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде каралган мааниде жана мазмунда түшүнүлөт жана колдонулат.
3-глава. Биометрикалык дайындардын коопсуздугун
камсыз кылуу боюнча чаралар
6. Мамлекеттик биометрикалык идентификациялоо системасында биометрикалык дайындарды иштеп чыгуу шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө, мамлекеттик санарип сервистерин алууда жана берүүдө аларды биометрикалык дайындардын мамлекеттик санарип ресурсунун базасында сакталган биометрикалык дайындар менен салыштыруу жолу аркылуу конкреттүү физикалык жакты санарип аутентификациялоо максатында гана жол берилет.
Башка максаттарда Мамлекеттик биометрикалык идентификациялоо системасы Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук, терроризмге каршы аракеттенүү, ыкчам-издөө иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында түздөн-түз каралган учурларда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталуучу башка учурларда гана колдонулушу мүмкүн.
7. Физикалык жактардын биометрикалык дайындарын санарип идентификациялоо максатында, аларды дайындар базаларындагы бардык биометрикалык дайындар менен салыштыруу жолу менен иштеп чыгууга тыюу салынат.
8. Биометрикалык дайындардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар биометрикалык дайындарды мыйзамсыз, уруксатсыз жана кокусунан кирүүдөн, агып кетүүдөн, жок кылуудан, өзгөртүүдөн, бөгөттөөдөн, көчүрүүдөн, таратуудан, ошондой эле алардын бүтүндүгүнө, купуялуулугуна жана жеткиликтүүлүгүнө таасир эте турган башка коркунучтардан жана инциденттерден коргоого багытталган.
9. Биометрикалык дайындардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча милдет биометрикалык дайындардын мамлекеттик санарип ресурсунун ээсине жана биометрикалык дайындарды иштеп чыгуучуга жүктөлөт.
Биометрикалык дайындардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына ылайык келүүчү маалыматты коргоонун сертификацияланган каражаттары колдонулат.
10. Маалыматты коргоо каражаттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-майындагы № 327 «Маалыматты коргоо каражаттарын сертификациялоо маселелери жөнүндө» токтомуна ылайык тармактык жөнгө салуучу тарабынан сертификацияланууга тийиш.