Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-майындагы № 369 токтомуна)
Күйүүчү-майлоочу материалдарды импорттоо жана сатуу боюнча ишти жүзөгө ашырган субъекттерге субсидияларды берүүнүн убактылуу тартиби
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-августундагы № 579 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Убактылуу тартип Кыргыз Республикасынын аймагында күйүүчү-майлоочу материалдарды импорттоо жана сатуу боюнча ишти жүзөгө ашырган субъекттерге күйүүчү-майлоочу материалдардын чекене бааларын турукташтыруу максатында субсидияларды берүү механизмин аныктайт.
Ушул Тартиптин колдонулушу күйүүчү-майлоочу материалдарды импорттоону жүзөгө ашырган субъекттерге жайылтылат.
2. Субсидиялар тиешелүү финансылык жылга каралган каражаттардын чектеринде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен берилет.
3. Субсидиялар төмөнкүлөргө гана берилет:
1) ТЭИ ТН 2710 12 110–2710 12 900, 2710 19 110 0–2710 19 150 0, 2710 19 2500, 2710 19 290 товардык позицияларында классификациялануучу мотор бензиндерине (Аи-92 маркасы);
2) ТЭИ ТН 2710 19 310 0–2710 19 480 0, 2710 20 110 0–2710 20 190 0 товардык позицияларында классификациялануучу дизель отунуна;
3) ТЭИ ТН 2711 11 000 0 – 2711 19 000 0, 2901 10 000 1 товардык позицияларында классификациялануучу автомобиль отуну катары пайдаланылуучу суюлтулган көмүр суутек газына.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-августундагы № 579 токтомунун редакциясына ылайык)
2-глава. Субсидияларды берүүнүн шарттары
4. Субсидиялар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 455 «Социалдык маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» токтомуна ылайык бааларды белгилөө жөнүндө макулдашууну түзгөн, күйүүчү-майлоочу материалдарды импорттоону жана сатууну жүзөгө ашыруучу субъекттерге берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-августундагы № 579 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Төмөнкү субъекттерге субсидиялар берилбейт:
1) жоюлуу же банкроттук процессинде турган;
2) чекене бааларды негизсиз жогорулатууга жол берген;
3) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 3, 183-беренелерине ылайык жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон субъекттер тарабынан импорттолгон күйүүчү-майлоочу материалдар бөлүгүндө.
6. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-августундагы № 579 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3-глава. Субсидияны эсептөө тартиби
7. Субсидиялардын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталган белгиленген баа менен импорттолуучу күйүүчү-майлоочу материалдардын контракттарга жана импорттоодо транспорттук чыгымдарды эске алуу менен эсеп-фактураларга (инвойсторго) ылайык наркынын ортосундагы айырма катары аныкталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-августундагы № 579 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Субсидиялардын суммасы импортко КНСти эске алуу менен аныкталат.
9. Субсидиянын өлчөмү күйүүчү-майлоочу материалдарды импорттогон датага карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында аныкталат.
4-глава. Маалыматтарды берүү жана субсидияларды
которуу тартиби
10. Субсидия алуучу субсидия алуу үчүн отчеттук айдан кийинки айдын 25ине чейин төмөнкүлөргө өтүнмө жөнөтөт:
– Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнөн ташып келүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматына;
– үчүнчү өлкөлөрдөн ташып келүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматына;
– ЕАЭБ өлкөлөрүнөн жана үчүнчү өлкөлөрдөн ташып келүү боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-августундагы № 579 токтомунун редакциясына ылайык)
101. Өтүнмө төмөнкү документтердин тизмегин камтууга тийиш:
1) ушул Тартиптин 7-пунктуна ылайык субсидиялардын суммасынын эсеби;
2) импорттун көлөмдөрү жөнүндө маалымат;
3) товар коштоочу документтердин көчүрмөлөрү;
4) контракттар жана эсеп-фактуралар (инвойстор) боюнча наркы;
5) ташууга кеткен чыгымдар боюнча ырастоочу документтер, анын ичинде, ташуу кызматтарын көрсөтүүгө контракттар жана эсеп-фактуралар (инвойстор), бул кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөнгөндүгү жөнүндө ырастоочу банктык төлөм документтери менен;
6) импорттоодо кошумча нарк салыгы төлөнгөндүгү жөнүндө ырастоочу документтер;
7) банктык реквизиттер;
8) ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импорттоодо – салык органы тарабынан ыйгарылган товарларды ташып келүү жөнүндө арыздын датасы жана номери, ошол арыз боюнча вагондордун номерлеринин чечмелениши менен;
9) үчүнчү өлкөлөрдөн импорттоодо – товарларга декларациялардын көчүрмөлөрү;
10) субъект субсидия алууну көздөгөн отун боюнча оператор тарабынан отунду маркалоого чечимдердин реестри.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-августундагы № 579 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы ушул Тартиптин 10-пунктунда каралган өтүнмө келип түшкөн күндөн тартып 7 (жети) жумуш күндүн ичинде карайт жана аны, ушул Тартиптин 12-пунктунда каралган регламентке ылайык форма боюнча төлөнүүгө тийиш болгон субсидиялардын суммалары жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги төрагалык кылган ведомстволор аралык жумушчу топко жөнөтөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-августундагы № 579 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин буйругу менен субсидияларды алуучулардын өтүнмөлөрүн кароо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун курамы жана ишинин регламенти бекитилет.
13. Төлөнүүгө тийиш болгон субсидиялардын суммалары жөнүндө маалымат жана субсидия алуучулардын өтүнмөлөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынан, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынан жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан келип түшкөн күндөн тартып 3 (үч) жумуш күндүн ичинде ведомстволор аралык жумушчу топ тарабынан каралат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-августундагы № 579 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинен ведомстволор аралык жумушчу топтун оң корутундусу жана субсидияларды алуучулардын өтүнмөлөрү келип түшкөн күндөн тартып 2 (эки) жумуш күндүн ичинде субсидияларды которот.
15. Субсидиялар субсидияларды алуучулардын банктык эсептерине которулат.