Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 23-майы № 365
«Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу
Жол фонду» мамлекеттик мекемесин «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаменти» мамлекеттик мекемесине кошуу жолу менен кайра уюштуруу жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-сентябрындагы № 604 токтомунун редакциясына ылайык)
Жол чарбасын башкаруу системасын өркүндөтүү, Кыргыз Республикасынын Жол фондунун каражаттарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу, ведомстволук уюмдардын түзүмүн оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 92, 93-статьяларына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фонду» мамлекеттик мекемеси «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаменти» мамлекеттик мекемесине кошуу жолу менен кайра уюштурулсун.
2. «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаменти» мамлекеттик мекемеси «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фонду» мамлекеттик мекемесинин укуктарынын жана милдеттенмелеринин укук улантуучусу болот деп эсептелсин.
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаменти жөнүндө жобо ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык бекитилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-июнундагы № 423 «Объекттерди курууда заказчы-куруучунун кызматын күтүүгө чыгымдардын нормативин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
«Бул норматив мамлекеттик капиталдык салымдардын каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунун каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылуучу жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун курууда жана реконструкциялоодо да колдонулушу мүмкүн, ал боюнча заказчы болуп Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин заказчынын функцияларын аткарган ведомстволук уюмдары чыгат.».
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июлундагы № 55 «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө жободо:
– 14-пункт төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
«– Министрликке караштуу аймактык башкармалыктарды Министрликтин штаттык санынын чегине жана башкаруу схемасына ылайык түзүүгө;»;