Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 12-июну № 416
2015-жылдын 29-майында Казакстан Республикасынын Бурабай поселогунда кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин жалпы билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинета жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинета токтом кылат:
1. 2015-жылдын 29-майында Казакстан Республикасынын Бурабай поселогунда кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин жалпы билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу жөнүндө расмий тилде тиркелген макулдашуу бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине кабарласын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 16-июнундагы № 44 (3804) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| A.А. Касымалиев |